Ооганстандын түштүгүндө аскерлери турган өлкөлөрдүн коргонуу министрлери реконструкция иштерин тездетүү аркылуу, согуштук жетишкендиктерди бекемдөөгө макулдашышты. Австралиянын коргонуу министри Жоел Фитцгиббон башка өлкөлөр салымын көбөйтпөсө, Австралия башка аскер кошпой тургандыгын эскертти.