Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

10:10 ШКУ: Шайлоо мыйзам чегинде өттү


Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун миссия башчысы Шерали Жононов бүгүн маалымат жыйыны учурунда билдирди. Анын айтымында, шайлоо күнү аларга саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын байкоочуларынан кандайдыр бир мыйзам бузуу фактылары тууралуу арыздар түшкөн жок. Кечээ добуш берүү өнөктүгүнө көз салган ШКУнун байкоочулары шайлоонун жыйынтыгына таасир эте турган одоно мыйзам бузуулар болгон жок деп билдирди. ШКУнун байкоочулар тобу Бишкекте, Токмокто, Кантта, Кара-Балтада жана Чүй областынын Москва районунда шайлоо участкаларында байкоо жүргүзүшкөн. 16-декабрда өткөн парламенттик шайлооо кандай өткөнү тууралуу эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар бүгүн өз байкоолорун жарыялашат. (MSu)

XS
SM
MD
LG