Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

11:35 Көз карандысыз байкоочулар Чүй районунда добуштар бурмалангандыгын айтышууда


“Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун №47-участкалык шайлоо комиссиясында жүргүзгөн байкоолорунун жыйынтыгы боюнча, “Ак жол” партиясы 104 добуш, “Ата мекен” 180 добуш алган экен. Ал эми “Шайлоо” мамлекеттик автоматташтырылган системасына түшкөндө маалымат башкача чыккан. “Ак жол” партиясына 274 добуш, “Ата мекенге” ошондой эле 180 добуш берилген. № 58- участкалык комиссияда да “Ак жолго” 219 добуш, “Ата мекенге” 287 добуш берилсе, “Шайлоого” түшкөндөн кийин “Ак жолго” берилген добуш 719, ал эми “Ата мекенге” 287 добуш берилген деп чыккан.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG