Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

12:05 Тоңдо бюллетень чатагы уланууда


Бөкөнбаев айылына кире бериш жерде нааразы болгон жергиликтүү тургундар, “Ата Мекен”, “ЭрК”, “Аалам” партияларынын өкүлдөрү, бардыгы болуп жүзгө жакын жол тосуп турушат. Алар бюллетендерди кайрадан санап чыгууну талап кылышууда. Кечээ кечки саат тогуз ченде Шорбулак, Төртгүл айылындагы шайлоо участкаларынын төрагалары, “Ак жол” партиясынын координаторлору болуп бир топ кишилер бюллетендерди алып чыгып, райондук шайлоо комиссиясына жеткирбей, жолдон райондун четиндеги автобазанын короосуна жашыруун алып келип отурганда кармалган эле. Учурда алар дагы эле кармалып турганы кабарланды. Алты машинанын экөөндө актай да бюллетендер табылган. Комиссиянын мүчөлөрү толтурган протоколдор жөнөкөй карандаш менен толтурулган экен. Бюллетендер жана үч машиненин номерлери табылган унаанын бирөө райондун акими Нуржановдун машинеси экени аныкталды. Бирок К.Нуржанов бюллетендерге байланыштуу чатакка эч кандай тиешеси жок экенин айтууда.(MSu)

XS
SM
MD
LG