Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

12:28 Орусиянын төрт шаарында шайлоочулардын көбү “Ак Жолго” добуш беришкен


Кыргызстандын Орусиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Раимкул Аттокуровдун “Азаттыкка” айткан маалыматы боюнча, Орусиянын төрт шаарында өткөн шайлоонун жыйынтыгы алдын ала чыгарылды. Красноярск өрөөнүндө 2201 киши шайлоого катышып, «Ак жол» партиясына 82,5 пайыз, коммунисттерге 9,5 пайыз, “Эркиндик” партиясына 4,4 пайыз, “Туран” партиясына 2 пайыз добуш берилген. Омск шаарында баардыгы 1472 добуш берилген. Анын ичинде «Ак жол» партиясы 86 пайыз алган, андан кийинкилери - коммунисттер, “Эркиндик”, “Глас народа”. Новосибирск шаарында 2789 шайлоочу добуш берген. «Ак жол» партиясына 92 пайыз, калганы коммунисттерге, “Эркиндик” партиясына берилген. Иркутск шаары боюнча да «Ак жол» партиясына 93,4 пайыз, “Эркиндик” партиясына 3,3 %, “Ата Мекен” партиясына 0,7%, коммунисттерге 1,65 %берилген. (KCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG