Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

12:45 Шайлоочулардын укугу боюнча комитет шайлоону жараксыз деп таанууну сунуштады


Аталган комитеттин мүчөсү Елена Воронинанын айтымында, шайлоо учурунда бир катар мыйзам бузуулар орун алды. Атап айтканда, байкоочулар шайлоочулар тизмеге киргизилбей калганын, БШКнын мүчөлөрүнө, байкоочуларга жана шайлоочуларга кысым көрсөтүлгөнүн, студенттердин улам бир жерде добуш беришин, добуштарды сатып алуулар орун алганын жана бюллетендердин пачкалап ыргытылышын катташкан. Байкоочулардын айтымында, Бишкекте №1144 шайлоо түйүнүндө бюллетендер саналып атканда бюллетендердин бир бөлүгү уурдалып, анын ордуна башка бюллетендер салынган. “Биз санаганда, шайлоо участкасына 384 шайлоочу келген, ал эми шайлоо комиссиялары санаганда 732 бюллетень чыккан”, дейт Е. Воронина. (MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG