Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

БАТЫШ ГЕЗИТТЕРИ БАКИЕВДИН ПАРТИЯСЫ ЖЕҢИП ЧЫГАРЫНАН ШЕКТЕНГЕН ЭМЕС


Кыргызстанда парламентке өткөрүлгөн шайлоолорду утурлап батыштык басылмалар Кыргызстандагы саясий абалга ар кандай өңүттөн байкоо салышты.

Германияда чыгуучу Frankfurter Algemeine Zeitung парламенттеги 90 орун үчүн 12 партия шайлоого катышып жатканын белгилеп, өлкөдөгү түндүк-түштүк маселесине көңүл бурган. Партия тизмелеринин 15 пайызы улуттук азчылыктагыларга берилет деген менен түштүктө жашаган өзбек тегиндегилердин “Ватан” партиясы шайлоого катыштырылбагандыгы жана алардын арасында жикчил жана динчил тенденциялар күч алып бараткандыгы ырасталат.

Швейцариянын Neue Zurcher Zeitungу болсо Президент Курманбек Бакиевдин партиясы шайлоолордо бери дегенде 50 пайыз добуш алып, парламентте көпчүлүк орундарды утуп аларында күмөн жок деген ой билдирип, ошого карабастан Бакиевдин Казакстандагы шайлоолорду өзүнө үлгү кылып алуу коркунучу бар экенин ырастайт. Казакстанда августта өткөрүлгөн шайлоолордун натыйжасында парламентке бир гана президент Назарбаевдин партиясынын талапкерлери өткөнүн эске салып, NZZ 2005- жылдын март айында Акаев кызматтан кеткендери бери саясии кризистерден кыргыз эли тажап бүткөн менен, азык-түлүк бааларынын көтөрүлө бериши эл ичинде социалдык жарылуу коркунучун пайда кылганын билдирет.

International Herald Tribune гезитинде чыккан бир макалада СДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаевдин “өкмөт жалпы өлкө боюнча оппозициялык активисттердин көзүн коркутууга аракеттенип, жергиликтүү атка минерлер элди Бакиевдин «Ак Жол» партиясына добуш берүүгө үгүттөп жатышат” деп айткан сөздөрүнө шилтеме берилип, Бакиев башкарган бул жумуриятта демократиядан алыстоо ыктымалдыгы бар экени, дагы бир жаңы элдик толкундануу ансыз деле алы начар бул жумуруятка ири запкы ураары бышыкталат.

Los Angeles Times гезити дагы Президент Бакиевдин партиясы ири жеңишке жетет деген пикирге кошулат. АКШ менен Росиянын аба баазалары жайлашкан бул жумуруят 2005- жылдагы төңкөрүлүштөн бери карай туруксуздашып келатканы билдирилген гезит бул өлкөдө дагы бир козголуш Россиянын да, Батыштын да тынчын алаарын белгилейт.

“Кыргыздар туруктуулук жана демократия үчүн шайлоолорго барууда” деп жазат Түркияда чыгуучу Zaman гезити. “2,5 миллион шайлоочу 12 партия ат салышкан парламенттик шайлоолордо добуш беришет. Кыргыздар 2005- жылда ишке ашырган жоогазын ыңкылаптан бери болбой аткан туруктуулукту бул жолу октиябрда кабыл алынган башкы мыйзамга ылайык шайлана турган жаңы парламенттен издешет. Президент Бакиевдин “Ак Жол” партиясы басымдуу көпчүлүк добушту ала албаса дагы, шайлоолордон биринчи партия катары чыгуусу күтүлөт… Оппозиция болсо, нааразычылык аракеттерине эмитеден даярдык көрө баштады. Оппозиция шайлоолордун адилет өтөөрүнөн күмөн санайт. Мурдагы премьер-министр Алмазбек Атамбаев оппозициядагы партиялар нааразылык билдирүү акцияларына даярданып жатышканын билдирип, өлкөдө кырдаал 2005- жылдагы жоогазын ынкылабынын алдындагы кырдаалга окшоп кеткенин белгиледи” деп жазылат анда.

Аким Өзгөн, Түркия
XS
SM
MD
LG