Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

ПАЛЕСТИНАГА АЛТЫ МИЛЛИАРД ДОЛЛАР АКЧА КЕРЕК


Парижде палестиналыктарга экономикалык жактан жардам көрсөтүү боюнча донорлордун конференциясы ачылды. Анын ишине 90го чукул өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Париж форуму өткөн айдын этегинде Израил менен Палестин автономиясы Аннаполисте макулдашкан пландарды жүзөгө ашыруунун маанилүү этабы катары каралууда.

Конференция келечекте палестин мамлекетин түзүү үчүн автономиянын бийликтерине финансы жана саясий жактан колдоо көрсөтүү максатын көздөйт. Сокур тоом эсептерге караганда, бул үчүн алдыдагы үч жылда алты миллиард долларга жакын каражат талап кылынат.

Форумда автономиянын башчысы Махмуд Аббас эл аралык донорлордон палестин жеринде гуманитардык алааматка жол бербөө үчүн тыкыр финансылык жардам сурады. Бирок конкреттүү сумманы атаган жок. Аббас кечээ конференциянын жыйынтыктары маанилүү болоруна ишенич билдирген эле. Бүгүнкү форумду ал Аннаполисте башталган процесстин уландысы деп атады. “Дүйнөлүк коомчулуктун Парижге чогулган өкүлдөрү автономияга экономикалык жардам берүү маселесин гана талкуулашпайт. Бу жолугушуунун саясий да максаттары бар. Эл аралык коомчулук биздин үмүттөрүбүздү актайт деп ишенебиз”, - деп айтты Аббас.

Келерки жыл үчүн автономияга Евросоюз 650 миллион доллар каражат бөлгөнү жатат. Бу кошумча Кошмо Штаттары 550 миллион доллар жардам көрсөтөт. Конференциянын кожоюну катары Франция да 300 миллион доллар адие берет. Калган сумманын 70 процентин арап өлкөлөрү көтөрөт. Бөлүнгөн жардамдын көбү автономиянын бюджетине жана калктын жашоо шарттарын жакшыртуу долбоорлоруна жумшалат.

“Файнэншл таймс” жарыялаган маалыматтарда 1993-жылдан бери эл аралык коомчулук автономияга 10 миллиард доллардан ашуун жардам көрсөткөнү айтылат. Бирок жакырчылык жана жумушсуздук кыскаргандын ордуна кайра өсүп кетти. Өзгөчө Газа тилкесинде азыр өтө жаман абал түзүлдү. Бул аймакта 1,5 миллиондон ашуун калк жашайт. Быйыл июнда Газа толугу менен хамасчылардын көзөмөлүнө өттү. Ошондон бери Израил менен Египет чек араларын ача элек. Эл аралык Кызыл чырым уюму Газадагы кырдаал гуманитардык кризиске жакындап калганын эскертти. Дүйнөлүк банк жана башка уюмдар Израил Иордан дарыясынын Батыш жээгинде калктын ээн-эркин аракетин жана кыймылын чектеген режимди токтотмоюн кошумча каражат бөлүү пайдасыз иш болот деп эсептешет.

Парижде донолордун конференциясына катарлаш палестин жана израил делегацияларынын сүйлөшүүлөрү өткөрүлөт. Аннаполистеги жолугушууда Израил премьери Эхуд Олмерт менен автономиянын башчысы Махмуд Аббас палестин мамлекетин түзүүгө каскак болуп жаткан бардык проблемаларды эмдиги жылдын этегине чейин чечкенге чындап аракет кылышарын ырасташкан.

XS
SM
MD
LG