Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

Парламенттик шайлоого көз салган эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар жыйынтыгын 17-декабрда жарыя кылышты. КМШдагы мамлекеттердин байкоочулары шайлоо эл аралык стандарттын чегинде ачык жана калыс өттү дешкен менен жергиликтүү байкоочулар мыйзам бузуулардын көптүгүнөн добуш берүүнү жокко чыгаруу керек деп билдиришти.

Чукул жарыяланып, кезексиз өткөрүлгөн парламентик шайлоого 600дөн ашык эл аралык, 5 миңге жакын жергиликтүү байкоочулар көз салышты. Алардын жыйынтыгы боюнча шайлоо эки башка баага татыды. Анткени, Шанхай кызматташтык уюму менен КМШдагы 7 өлкөнүн байкоочулары шайлоо ачык, калыс жана эркин өттү дешсе, ЕККУ баштаган эл аралык уюмдардын байкоочулары буга карама –каршы баа беришти.

-Шайлоо учурундагы кемчиликтер системалуу көрүнүш болбогондон кийин шайлоочулардын тандоо укугуна эч кандай таасир берген жок. Ошондуктан, шайлоо ачык жана калыс болду деп таптык, -деген КМШдагы мамлекеттердин байкоочулар миссиясынын башчысы Евгений Новожилов эл аралык башка байкоочуларды да ушундай баа берүүгө чакырды.

Ал эми Европадагы 13 мамлекеттин өкүлдөрү кирген “Шайлоого байкоо салуу боюнча Европалык уюмдардын тармагы” (ЭНЕМО) шайлоо начар болду деген баасын берди. Тармактын байкоочуларынын башчысы Питер Наводныйдын баамында, ага бийликтин байкоочулардын укугун чектөө, тиешелүү документсиз бюллетень берүү, добуш берүүнүн купуялыгын бузуу, шайлоочуларды ташып келүү, үгүттөө, шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн бюллетендерди боо-боо кылып салуусу сыяктуу одоно мыйзам бузуулар негиз берет:

-ЭНЕМО шайлоо тынч өттү деп эсептегенге карабастан добуш берүү жана жыйынтыгын саноо учурунда одоно жана катуу мыйзам бузуулар болду. Ага мисал катары шайлоочуларды ташып келүү, мөөнөтүнөн мурда жөнү жок жерден добуш бердиртүү, бюллетендерди боолап салууларды айтсак болот. Мына ушулар калыс шайлоо өткөрүүгө коомдо ишенимди жоготту,- деди Питер Наводный.

Бул уюм ошондой эле жарым пайыздык босого менен БШКнын айрым токтомдору атайылап жасалган тосмо деген бүтүмгө келди.

Жергиликтүү байкоочулар да бул жолку шайлоо көз будамайлоо жагынан мурдагылардан ашып түштү деп, жыйынтыгын жокко чыгаруу керектигин жар салышты. Алардын бири “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун төрайымы Төлөкан Исмаилова:

-Бул шайлоо мыйзамсыз болду. Аны жокко чыгарыш керек. Анткени, өтө чоң бурмалоолор менен коррупция орун алды. Экинчи жагынан көз карандысыз байкоочулар менен жаш шайлоочуларды милиция абдан катуу коркутуп-үркүтүп, эч кандай мониторинг жасалган жок. Улуттук коопсуздук комитети менен прокуратуранын кызматкерлери шайлоочулардын укуктарын өтө бузуп, тебеледи. Ошон үчүн бул легитимсиз шайлоо. Кыргызстандыктарды минтип алдабаш керек. Ошондуктан мыйзамдуу жолго түшүү үчүн соттордун баарына кайрылып, өз укугубузду жактайбыз,- деп билдирди Т. Исмаилова.

Бардык аймакта 800 байкоочусу көз салган “Шайлоочулардын укугун коргоо комитетинин” мүчөсү Елена Воронина байкоочуларга кысымдар болгонун билдирди:

- Бизди такыр эле көзгө илбей жатышат. Жергиликтүү гана эмес эл аралык байкоочуларды да көзгө илбей, шайлоо түйүндөрүнөн чыгып кетүүнү талап кылып жатышты.

Тутумуна 26 бейөкмөт уюм кирген “Таза шайлоо” ассоциациясынын 1800 байкоочусу добуш берүү шайлоочулардын укугун басмырлоо, бийлик менен милициянын үстөмдүк кылуусу жана одоно мыйзам бузуу менен өттү деген жыйынтыкка келген. Ассоциациянын директорлор кеңешинин төрайымы Азиза Маматкулова бир окуяны мисалга тартты:

- Участкалык шайлоо комиссияларында добуш берүү мыйзам бузуу менен өттү. Добуш бергенден кийин жыйынтыгын чыгарар алдында Талас шаарындагы 3 шайлоо участкасында жана Ош шаарындагы бир участкада ашып калган бюллетендерди кеңешип туруп, ошол жердеги саясий партиялардын өкүлдөрү бөлүп алышкан.

Жергиликтүү байкоочулардын мындай бүтүмүнө ЕККУнун байкоочуларынын баасы окшош болду.

-Кыргызстандагы эки жолку шайлоого көз салган адам катары шайлоо процессиндеги артка чегинүүгө абдан иренжидим. Мен мурда байкаган саясий плюрализмдин мүмкүнчүлүгү колдон чыгыптыр. ,- деп билдирди ЕККУнун парламенттик ассамблея делегациясынын жана кыска мөөнөттүү байкоочулардын атайын координатору Киммо Кильюнен.

Эл аралык байкоочулар менен президент Курманбек Бакиев 17-декабрда жолугушуп, алардын баасын уккандан кийин “партиялык тизме менен өткөрүлгөн шайлоо Кыргызстанда кайталангыс тажрыйба болуп калды” деп баа берди.
XS
SM
MD
LG