Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

ОППОЗИЦИЯ ШАЙЛОО ЖЫЙЫНТЫГЫНА МАКУЛ ЭМЕС


Бир катар саясий партиянын лидерлери Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн шайлоо болуп көрбөгөндөй ыпылас ыкма менен өткөрүлүп, карапайым элдин назарын сындырган шайлоо болгонун айтышууда. Айрым серепчилер болосо шайлоонун алдын ала маалыматтарына таянып, эгерде бийлик бир партиялуулук системага кайрылып келе турган болсо демократияга коркунуч туулат, деген божомолдорун билдиришти. БШКнын мүчөсүнүн көз карашында шайлоо мыйзамдын чегинде, тынч эле өттү.

Парламентке мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы алиге толук чыга элек. Бирок алдын ала маалыматтарга таянып айрым саясий партиялардын лидерлери бийликтин шайлоону өткөргөндөн да, анын жыйынтыгын чыгаруу иш аракеттерине нааразы болушууда. «Ата Мекен» социал-демократиялык партиясынын туусун көтөрүп чыккандардын бири Кубатбек Байболов аткаруу бийлиги тарабынан парламенттик шайлоодо мыйзам болуп көрбөгөндөй «тебеленип-тепселди»,-дейт.

-Шайлоо болуп көрбөгөндөй ыпылас ыкма менен өттү. Элдин назарын сындырды да, бул бийлик. Бул шайлоо, шайлоо болбой эле өздөрүнүн каалаган, ишенген адамдарын дайындоо аракети болду. Бул, жүзүкаралыктын үлгүсү.

Ал эми «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевдин пикиринде парламенттик шайлоо 2005-жылдагы шайлоодогу бурмалоодон өтүп кетти. Ал ошондой эле бийлик жалгыз «Ак жол» партиясынынын туусунун астына «кол бала» партияларын топтой турган болсо, анда эл арасында нааразылык күчөй тургандыгын белгиледи.

-2005-жылдын февраль-мартындагы парламенттик шайлоо менен кечээги өткөн парламенттик шайлоонун айырмасы жок. Айрымдары андан да өтүп кетти деп атпайбы. Мунун аягы жакшылыкка алып келбейт. Албетте, жүз пайыз саясий партиялык система менен парламентти түзүү жакшы система. Бирок аны мыйзамдын чегинде өткөрбөй жатканы жаман болуп атпайбы. Буга нааразы болгондор эртең эле көчөгө чыгууга даяр турат.

Саясат таануучу Жолборс Жоробеков эгерде бийлик бир партиялуу системаны түзө турган болсо, анын эки тарабы бар дейт. Анын баамында, бир партиялуу системаны киргизе турган болсо, жаңыдан телчигип келаткан демократиядан аксайт. Экинчи жагы жаңы парламентке саясатта таанылбаган жаңы жаш күчтөрдүн келатканы жакшы.

«Асаба» партиясынын тизмеси менен депутаттыкка талапкер болгон, мурдагы депутат Дооронбек Садырбаев болсо парламенттик шайлоодогу бурмалоого бийлик көз жумду мамиле кылганына токтолду. Анын айтымында, шайлоо тарыхында мындан мурда Карабуура районунда бүллетен салуучу үкөктү көтөрө качкан окуя болду эле, эми жер-жерлерде үкөктөрдү көтөрө качып, бийликтин абийири кетти.

-Кыргыз элинин, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн келечегине, тамырына чабыла турган балта боло турган, кечеңдеп барып жарыла турган чоң бомбаны алып барып таштап койду.

Ал эми БШКнын мүчөсү Жылдыз Жолдошева парламенттик шайлоо эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардын көзөмөлүндө, тынч эле өттү деген ойдо.

Мурдагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов болсо шайлоо таза өттү дегенге ишенбестигин, анткени бийлик жалпы элдин батасын ала албай, ыпылас ыкмаларды колдонуп жатканына токтолду:

-Ушундай бийлик менен биздин келечегибиз барбы же жокпу?-деген суроо туулат. Мен айтып коеюн, мынабу жыйынтык соо адам чыгарбаган бийликтин жыйынтыгы болуп калды.Натыйжасында «Ак жолдон» башка бир дагы партияда жол жок экен да. Мындайча айтканда, бул иш аракет элдин укугун тебелеп-тепсеп маңкурт кылуу керек деген ой менен жасалса керек, деп ойлоп атам.

XS
SM
MD
LG