Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:19

ТОҢ РАЙОНУНДА ТОПОЛОҢ ЧЫГЫП КЕТЕ ЖАЗДАДЫ


Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тоңдуктар бүгүн түштөн кийин Балыкчы –Бөкөнбаев -Каракол жолун 2 саат жаап, кайра ачышты. Бул жерде райондун акими, райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы баштаган айрым мүчөлөрү бюллетендерди “Ак жол” партиясынын пайдасына бурмалоого аракет жасашкан. Ага “Ата Мекен”, “Аалам” баштаган партиялардын байкоочулары жол бербей койгондон кийин гана аргасы кеткен бийлик өкүлдөрү шайлоочулардын талаптарын аткарууга убада берди.

Тоң районунун Төртгүл жана Сорубулак айылдарында 16-декабрь күнү шайлоо аяктагандан кийин шайлоо участкаларынын төрагалары эсептелген бюллетендерди эки милиция кызматкери менен райондук шайлоо комиссиясына жеткирбей, Бөкөнбаев айылынын четиндеги автобазанын короосуна келип токтошкон. “Ата мекен” партиясынын өкүлдөрү аларды артынан келип кармап алышкан. Шайлоо участкаларынын жетекчилери райондо иштеген эжекесин ала кетели деп гана жолдон бурулуш келишкенин айтып моюн беришкен эмес.

№238 шайлоо участкасынын төрагасы Зарыл уулу Улан менен №222-участканын төрайымы Букен Бекболотова 500 бюллетень менен кармалганда, алар менен кошо Төртгүл айыл өкмөтүнүн автоунаасы, ошондой эле мамлекеттик каттоо бөлүмү менен акимдин да автоунаалары чогуу токтоп турган. Бирок аким ага тиешеси жок экенин айтат:

- Мен кечээ түштөн кийин айдоочуну үйүңо барып эс ала бер дегем. Ал машинени ушул жерге коет. Ошол жерге коюп коюп кетиптир. Болгону ошол эле, - деп жооп узатты райондун акими Курманбек Уржанов.

Ошентип алты машине алты кишиси менен барымтага алынып бир түн турду. Кышкы чилдеде аларды бошотууга, эпке келтирүүгө райондун прокурору жана ички иштер бөлүмү, акими дагы келип атты. Бирок эл ага макул болбой бюллтендерди бурмалоого аракет кылгандар жөнүндө элдин көзүнчө расмий акт түзгүлө деп талап кылып жолду тосушту. Аларга райондук шайлоо комиссиясы, прокурор, аким чогуу келип жолукту. Райондук финансы жетекчиси бюллетень жасоого аракет кылып, ушул ишти уюштурган деп бүтүм чыгарган шайлоочулар анын дагы эл алдына келишин талап кылганда прокуратура иш козголгонун маалымдады. Анда район башчысын күнөөлөп киришти. Мындай талаптарга негиз жок деп прокурор баш тарткан.

“Ак жолдун” координатору болуп туруп, шайлоо участкалык комиссияларды бюллетень менен каалаган жерге ээрчитип жүргөнү үчүн райондук финансы башчысына кылмыш козгоо, ошондой эле райондук шайлоо комиссиясынын, мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн, райондун акимин жана айрым жетекчилерин алмаштыруу жөнүндө талаптар аткарылса гана жол ачыларын “Ата мекен” партиясынын Ысыккөлдөгү координатору Эркин Алымбеков аларга билдирген.

Кармалган бюллетендерди атайын комиссия ачып санаганда, анын экөө ашыкча болуп, 17си жараксыз болгондуктан шайлоо участкаларынын кармалган төрагаларын да жоопко тартуу талаптары айтылды. Прокурор буга макул болгондо гана барымтадагылар бошотулуп, жол ачылды. Эгерде талаптар аткарылбаса райондук администрациянын алдында кайра митинг баштаалары айтылды.
XS
SM
MD
LG