Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

ЕККУ: КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ШАЙЛОО БИР ТОП ТАЛАПТАРГА ЖООП БЕРБЕДИ


ЕККУнун Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы бүгүн парламенттик шайлоо боюнча өз корутундусун жарыялады. ЕККУнун байкоочуларынын билдирүүсүндө “Кыргызстанда 16-декабрда өткөн парламенттик шайлоо ЕККУнун айрым гана талаптарына жооп берип, плюрализм дале бар экенин көрсөткөнү менен, уюмдун дагы бир топ талаптарына жооп бербей калды” деп айтылат. ЕККУнун байкоочулары Кыргызстандагы бул жолку шайлоону “колдон чыгарылган мүмкүнчүлүк” катары баа беришти.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун байкоочулар тобунун атайын координатору, Парламенттик Ассамблеясынын делегациясынын жетекчиси Киммо Кулюнен Кыргызстанда буга чейин да бир нече ирет болгонун билдирди. Ал өз сөзүндө соңку эки жолку шайлоонун жүрүшүнө көз салууга мүмкүнчүлүк алганын, 2005-жылкы президенттик шайлоодо бир топ алга жылуулар байкалганын белгиледи.

- ЕККУнун Кыргызстандагы буга чейинки эки жолку шайлоого жүргүзгөн байкоолорун эске алганда, бул жолкусунда артка кетүү болгонуна көңүлүм калып турат. Мен саясий плюрализм Кыргызстанда өнүккөн деп ойлогом. Бул жолку колдон чыгарылган мүмкүнчүлүк аталган ойду жокко чыгарды, - деди ЕККУнун расмий өкүлү.

Анын билдиришинче, айрым саясий партияларга каршы көрүлгөн мыйзамдуу чаралар бул жолку шайлоодогу артка чегинүүгө себеп болду. “Добуш берүү жараяны өзү тынч эле өткөнү менен, аларды этегинде саноо учурундагы өзгөрүүлөр ачыктык болбогонун айгиниледи”, - деди ЕККУнун байкоочулар миссиясынын төрагасы.

Ал, мындан сырткары, партиялар үчүн ар бир региондон 0,5% добуш топтош керек деген талаптын өзүн да сынга алып “бул өңдүү талап уникалдуу экенин, дүйнөнүн бир да мамлекетинде кездешпей турганын” айтты. Кулюнен мырза өзү Финляндия парламентинин мүчөсү. “Эгерде менин өлкөмдө да ушундай эле талапты партияларга кое турган болсок, анда парламентке бир да партия өтмөк эмес, - деп айтты ал. - Ошондуктан менин шайлоолорго байкоо жүргүзүүдөгү жалпы тажрыйбама карабай, мен азыр чындап эле келерки кыргыз парламенттин курамы кандай болоорун, дегеле ал парламент болобу-жокпу – бул тууралуу, керек болсо, божомол да кыла албай калдым”, - деди ал.

Андан ары ал “ушул тынчсызданууларыма карабай, Кыргызстанда плюрализм дале бар жана эгер 2005-жылдагы президенттик шайлоодо байкалган прогрессти уланткыбыз келсе, ал үчүн мындан ары да аракеттер жана саясий эрк зарыл” деди Кулюнен. Иши кылып, ЕККУнун байкоочулары Кыргызстандагы бул жолку шайлоону “колдон чыгарылган мүмкүнчүлүк” катары баа беришти.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG