Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Орусия Ирандын Бушер атомдук станциясы үчүн өзөктүк отун жөнөтүүнү баштады


Бул ишти өлкөнүн "Атомстройэкспорт" корпорациясы аткарууда. Орусия тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда, Иран тараптан өзөктүк отун башка максатта колдонулбаары тууралуу жазуу жүзүндө кепилдик алынган. Ал эми өзөктүк отундун жиберилиши орус тышкы иштер министрлигинин пикиринде, Тегеран уран байытуу боюнча талаштуу программасын токтотууга мүмкүндүк бергидей жаңы жагдайды жаратууда. Ирандын Бушер атомдук станциясынын курулушун Орусия жүргүзүүдө, бирок бүтүрө элек. Бул станция Ирандын өзөктүк курал жасоо аракеттерине салым кошот деп эсептеген АКШнын курулушу бүткөрүлүшүнө каршы болуп келүүдө.

XS
SM
MD
LG