Шайлоо жараяны учурунда саясий плюрализм болгону менен ал бир катар жагынан ЕККУнун милдеттемелерине жооп бербеди. Уюмдун байкоочулар тобу өз билдирүүсүндө Кыргызстандагы парламенттик шайлоону коомчулуктун күткөнүн актоо, шайлоо жараянын мындан ары консолидациялоо үчүн берилген "мүмкүнчүлүктүн жоголушу" деп мүнөздөгөн. ЕККУнун пикиринде, 2005-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу бул шайлоодо артка чегинүү жасалды.