Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Орус президенти Владимир Путин премьер- министр болууга даяр


Путин бул тууралуу бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясынын бүгүнкү курултайында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Путиндин айтымында, эгер өлкөнүн кийинки президенти болуп, азыркы биринчи вице-премьер Дмитрий Медведев шайланса, ал өкмөт башчысынын кызматын ээлөөгө макул. Путин белгилегендей, мында президент менен премьер-министрдин бийлик укуктары кайра бөлүштүрүлбөйт.
"Бирдиктүү Орусия" жана башка үч партия Медведевди президенттикке талапкер катары атаган. Анын талапкерлиги расмий түрдө бүгүнкү курултайда бекитилет. Орус президентинин соңку билдирүүсү анын менен бирге көп жыл иштеген, 42 жаштагы Дмитрий Медведев Орусиянын кийинки президенти болуп шайланарын ишара кылууда.

XS
SM
MD
LG