Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

К.КУЛЮНЕН: КЫРГЫЗСТАН ЕККУнун КОРУТУНДУСУНА ОЛУТТУУ МАМИЛЕ КЫЛАТ ГО ҮМҮТТӨНӨМ


ЕККУнун Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы бүгүн парламенттик шайлоо боюнча өз корутундусун жарыялады. Анын корутундусунда “16-декабрдагы парламенттик шайлоо ЕККУнун бир топ талаптарына жооп бербегени” айтылып, ага “колдон чыгарылган мүмкүнчүлүк” деген баа берилди. Миссиянын төрагасы Киммо Кулюнен “Азаттыктын” кабарчысы Төрөкул Дооровдун бир катар суроолоруна жооп берген.

-Кулюнен мырза, сиздер Кыргызстанда өткөн шайлоо боюнча азыр жасаган билдирүүңүздөрдөн кийин, өлкөгө карата эларалык коомчулуктун мамилесинде өзгөрүүлөр болот деп ойлойсузбу?

- Ооба, эларалык коомчулук жалпы эле Борбор Азиядагы демократия үчүн кабатырларланып турат. Андыктан буга чейинки 2005-жылдагы шайлоодо бир топ алдыга чыккан Кыргызстанда эми, тетирисинче, артка кетүү байкалып, плюрализмге да доо кетип жатканына эларалык коомчулук кападар болуп, кыжаалаттык билдирип турган чагы.

-Сиз бул жолу парламенттик шайлоо башкача өтөт деп ойлодуңуз беле?

- Мен бул суроого карата өзүмдүн жеке пикиримди айта алам деп ойлойм. Анткени бир канча ирет Кыргызстанда болгом жана коомдун өзгөрүүлөргө болгон дарамети тууралуу жакшы билем. Коомдо плюрализмге карай жылуу бар экени сезилген эле. Мен азыр, чынын айтсам, көңүлүм калып турган чагы, анткени мен бул жолку шайлоо саясий турмуштун чыныгыраак түсүн көрсөтөт го деп ойлогом. Азыр болсо жаңы парламенттин түзүлүшү кандай болоору да белгисиз. Парламентте бир топ күчтүү партиялардын оордуна бир эле чоң партия болуп калышы ыктымал. Мен алдын ала божомол түзгүм келбейт, бирок эгер бир эле партия болуп кала турган болсо, ал шайлоонун чыныгы жыйынтыгын бербейт. Мен буга кабатырланып турам.

-Кантип ойлойсуз, азыркы кырдаал массалык демонстрацияларга, наразычылыктарга алып келбейби?

- Бул өңдүү саясий проблемаларды өлкө тынч сүйлөшүүлөр аркылуу гана чече алат го деген үмүттөмүн. Элдин көчөгө чыгып, нааразылык акцияларын уюштурушун өтө ийгиликсиз жол демекмин. Эгер чын эле саясий топтор арасында мунун артынан келишпестиктер болсо, аны саясий жетекчилер сүйлөшүүлөр менен гана чечкенге жарап, жоопкерчиликти өздөрүнө ала алышат го деп үмүттөнөм.

-Кыргызстан эми Борбор Азияда “демократиянын аралчасы” болбой калдыбы?

- Мен Кыргызстанды бул региондогу коңшулаш мамлекеттер менен салыштырбайт элем. Коңшу жайгашкан мамлекеттер менен салыштыруунун өзү дайыма “тобокел оюнга”окшойт. Мен анын оордуна 2005-жылдагы Кыргызстанды азыркы жана 2008-жылда боло турган Кыргызстан менен салыштырмакмын. Анткени ошондо биз өнүгүү бар же жок экенин биле алабыз деп ойлйом.

-Кулюнен мырза, сиз постсоветтик аймактагы үч өлкөдөгү Орусиядагы, Казакстандагы жана Кыргызстандагы соңку шайлоолордо кандайдыр бир байланышты сезген жоксузбу?

- Бул кызыктуу суроо экен. Шайлоодон кийин Кыргызстанда жаралчу парламент кандай болоору аябай кызыктуу болуп турат. Жогорку Кеңеште Казакстандагыдай бир эле чоң партия болобу, же Орусиядагыдай бир чоң, анан бир топ майда партиялар болобу – бул аябай чоң кызыгуну жаратып турган мезгил.

-Кыргыз бийликтери сиздердин бүгүнкү сунуштарыңыздарга жана корутундуңуздарга кандай жооп бериши мүмкүн деп ойлойсуз?

- Алар ЕККУнун корутундусун жакшылап угушту го деген үмүттөмүн. Кыргызстан ЕККУга мүчө мамлекет. Биздин бүгүнкү жыйынтык, албетте, ЕККУнун туруктуу Кеңеши тарабынан да айтылат. Ага да Кыргызстан мүчө. Андыктан биздин анализге Кыргызстанда олуттуу мамиле жасашат го деп ойлойм.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG