Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

ЖАРЫМ ПАЙЫЗДЫК ОЮН


Бүгүн Жогорку Сот “Ак жол” партиясынын жарым пайыздык чек боюнча доо арызын карамакчы. “Ак жолчулар” муну парламенттин бир партиялуу болушунан качуу, башка партиялардын да парламентке келишине шарт түзүп берүүгө болгон кадам катары түшүндүрүшүүдө. Шайлоодо анын негизги атаандашы болгон “Ата мекен” партиясынын лидерлери болсо кандай болгон күндө да бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын, бирок шайлоочуларынын үнүн азчылыкты түзгөн депутаттары менен болсо да коргой беришерин айтып жатышат. Ал эми серепчилердин баамында бийлик 0,5 пайыздык чекти алдырууга аргасыз болот.

Айрым талдоочулар 0,5 пайыздык чек негизинен туура болгону менен аны менен оюн кылып жатышканын айтышууда. Алардын айтымында, бийлик партиясы ыңгайсыз абал түзүлүп калса абалдан чыгуу үчүн алдын-ала доо арызын сотко жолдоп койгон. Ошентсе да “Ак жол” партиясынын өкүлдөрү парламентте ар кандай пикирлер болушу керектигин, ошол себептүү чекти алып таштоого доо арыз жолдошконун айтышууда. Партиянын маалымат кызматынын жетекчиси Авланбек Жумабаев мындай дейт:

- Негизи, жарым пайыздык чек көптөгөн чакан партияларга бут тосуп атпайбы. Биз Жогорку Кеңеште ар кандай ойлор, партиялар топтолсун деп, ошого кызыкдарбыз. Ошондуктан биз жарым пайыздык чекти алып таштоо жөнүндө маселени көтөрүп, улам бир инстанцияда каралып атпайбы.

Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун, парламенттин бир партиялуу болушуна каршы. Анын айтымында, бийликте отургандар авторитардык режимдерди туурабоосу керек:

- Анан эми бийликтин оюна койсо бир эле партиялык парламент болгону жатат, “Ак жол”. Бул болбойт да. Мен бүгүн жетекчиликке ачык айттым, каршы болдум. Демократия үчүн канча күрөштүк, сөз эркиндиги, адам укугу, идеялардын жарышы дегендер эмне болот. Ошондуктан “Ата мекен” айрыкча түндүк аймагында чоң добуш алгандан кийин аны менен эсептешпегенге болбойт. Андыктан мүмкүнчүлүк турганда соттон муну алып коюш керек.

Ал эми “Ата мекен” партиясынын лидерлери шайлоонун жыйынтыгын таптакыр тааныбай тургандыктарын айтышууда. Партиянын алдыңкы саптарындагы экс-депутат Кубатбек Байболов бул тууралуу мындай дейт:

- Кандай болгон күндө дагы бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз. Бизге 50 % берсе дагы бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз. Себеп дегенде шайлоонун ыплас, жүзү каралык менен өткөндүгүн элдин баары көрүп, башынан өткөрүп атышса биз кантип бул шайлоонун жыйынтыгын тааныйбыз. Ал деген биз тараптан жүзү каралык болуп калмак. Бизди жалаң орундар үчүн күрөшүп атат деген маанай пайда болмок да. Бирок иштебейбиз деп басып кеткенибиз да туура эмес болот. Жок дегенде ошол жерге он-он бешибиз барып, элдин үнүн чыгарып турбасак жоопкерчиликсиз болуп калат. Айтор бир жыйынтыгын тааныбайбыз, бирок иштей беребиз.

Шайлоонун жыйынтыктарын эл аралык байкоочулар, жергиликтүү жарандык коомчулук да сынга алып жатышат. Сындарда Кыргызстан демократиялык жолдон чегинип кеткенин, бир партиялуу парламент түзүлүп калса бийликтин абройу түшөрү айтылган. “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова буларга токтолду:

- Ушунчалык мыйзамсыз, коррупциялашкан шайлоону биз эч качан Кыргызстанда көргөн эмеспиз. Коституциялык укугубузду ушунчалык тепсеген бийлик, бетсиз бийлик. Биз андайга чыдай албайбыз. Биз соттошобуз.

XS
SM
MD
LG