Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

ИНТЕРБИЛИМ: ШАЙЛООДО ЭЛ ДОБУШУ БУРМАЛАНДЫ


Оштогу маалымат жыйынында «Интербилим» эл аралык борбору 16-декабрдагы парламенттик шайлоо жыйынтыгы бурмаланды деп билдирди. Мындай бүтүмгө айрым партиялар да макул. Ошол эле учурда «Ак жол» саясий уюму жана мамлекеттик органдар кайчы пикирлерин жарыя кылышууда.

«Интербилим» бейөкмөт уюмунун Оштогу борбору 16-декабрдагы парламенттик шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында 402 байкоочусун жөнөткөн. Аларга карата бардык шайлоо участокторунда коркутуп-үркүтүү болгондугун, бюллетендер үкөктөргө топ-топ ташталгандыгын, административдик ресурстар ачык пайдаланылгандыгын борбордун менеджери Гүлгаакы Мамасалиева маалымат жыйынында мындайча билдирди:

- Участковый комиссияда иштеген адамдардын кыймыл аракеттери туура эмес деп айтканы таңкалдырды. Алар айтып атышат, силер көз карандысыз байкоочусуңарбы, өзүңөрдүн ишиңерди кыла бергиле деп, акты жазсаңар жаза бергиле, кайда барып арыздансаңар арыздана бергиле деп айтып атышты. Алар билишет эртеси күнү алар менен эч нерсе болбоорун. Жыйынтыкты чыгарып жатканда фальсификация болгону, болбогону бизге белгисиз. Бирок шайлоо күнү процесстин өзүндө фальсификация болуп жатты, алар бюллетендерди таштап атышты, - деди Гүлгаакы Мамасалиева.

Бейөкмөт уюм башчысынын айткандарын Ош шаарында байкоочулук кылган Гүлайым Мырзаева да бышыктады.

- Үчтөн 15 мүнөт өткөн мезгилде 6-7 кабатталып салынган бюллетенди колго түшүрдүк. Ал кайсы партия үчүн добуш бергени да аныкталды. Ал боюнча акт түздүк.

«Ата Мекен» партиясынын өкүлү Кадырбек Жакыпов шайлоо жалаң мыйзам бузуулар менен коштолгондугун ачыктады:

- Эртең менен эле билинген шайлоонун мындай ыплас жүрүшү. Системабыз элдин тынчтыгын бузат. Мен элдин эртеңкисинен корком, - дейт Кадырбек Жакыпов.

«Ак жол» партиясынын Ош облустук жетекчиси Авазбек Шамшиев 16-декабрдагы шайлоо таза, ачык-айкын өткөндүгүн, жанагындай ойду жыгылган партиялардын өкүлдөрү чыгарып жатышкандыгын, Кыргызстанда бир партиялуу парламенттин түптөлүшү диктатурага жол ачпастыгын «Азаттыкка» маалымдады:

- Мен башынан эле айтып жүргөм, биздин башка партияларга эч кандай ишибиз да жок. Биз өзүбүздүн ишибизди алдыга жылдырып, өзүбүздүн партиябыздын ишин көрсөтүп, максималдуу добуш алганга аракет кылдык. Көз карашым боюнча Кыргызстандын демократиясына 3-4 партия болсо сөзсүз жакшы болмок. Эми партиялар өзүлөрү өтпөсө, эл аларды атайлап өткөрүшү кыйын. Бир партиялык система диктатурага жол ачса да, ачпаса да болот. Бул лидерлерине байланыштуу болот, - деди Авазбек Шамшиев.

Ал эми Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов Жогорку Кеңешке кезексиз шайлоонун жүрүшүндө бир дагы партиядан, бейөкмөт уюмдан даттануу түшпөгөндүгүн кабарлады:

- Азыркыга чейин жыйынтыктарын берип атат. Бирок биздин облустук шайлоо комиссиясынын атына бир дагы райондон арыз-даттануулар түшкөн жок. Бир оозэки арыз болду, саат 12лерде Интербилим бейөкмөт уюмунан Каракулжада байкоочуларыбыз келсе киргизбей атат деп. Биз ал маселени чечтик, - дейт Амат Маматоморов.

XS
SM
MD
LG