Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:35

Жаңы жылдан баштап Кыргызстандын өкмөтү өлкө аймагында мал санак жүргүзмөкчү. Бул тууралуу өкмөт буйругун чыгарып, мал каттоону уюштуруу иш чараларын көрө баштады. Мал санактын максаты ар бир үйбүлөөнүн кирешесин аныктоо, балдарга төлөнө турган жөлөкпулду чектөө деген пикирлер да айтыла баштады.

Келе жаткан 2008-жылдын 2-январынан 15-январына чейин бардык айыл өкмөттөрүндө, кыштоо, мал сарайларында, фермерлик- дыйкан чарбаларында үй канаттууларынан баштап бардык төрт түлүк мал каттоого алынмакчы.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин ветеринардык кызматынын жетекчиси Калысбек Жумакановдун пикиринде мал санак өлкөнүн экономикасы үчүн өтө зарыл жана керектүү иш- чара. Себеби Кыргызстанда малдын канча түрү жана саны бар экени так эмес. Малдын ылаңы чыккан учурда саны так болбогондуктан канча дары- дармек чыгымдалаары так билинбей, мал оорусунун күчөп кетишине себеп болууда.

-“Ошондуктан өкмөттүн мал санак боюнча буйругуна өлкөдөгү ит- мышыктарды каттоо сунушун кийирдик. Ооруп өлгөн малдын этин жеген ит- мышыктардан жугуштуу оорулар күчөп, жайылып кетүүдө,- дейт Калысбек Жумаканов.

“Ата мекен” партиясынын мүчөсү, мурдагы губернатор, экс- мамлекеттик катчы Накен Касиевдин пикиринде мал каттоо менен эле айыл чарбасындагы, ветеринардык кызматтагы көйгөйлөр чечилип, оңолуп кетпейт.

- Муну менен мал башына салык көбөйүп, көп балалуу үйбүлөөгө төлөнүп жаткан жөлөкпулду чектөө болмокчу,- дейт Накен Касиев.

Ал эми өкмөттүн мал санак боюнча буйругунан фермер-дыйкандар кооптонуп турушканын жашырышпады. Мал каттоо менен өкмөт жеке ишкерлердин кирешелерин аныктап, экономикалык жактан көз каранды кылуу менен фермер чарбалардын өнүгүшүнө бөгөт коймокчу. Бул бийликтин диктатордук саясаты,- деген пикирин “Апта” жумалыгынын баяндамачысы Алмазбек Эркебай билдирди.

- Эл мына ушундай кооптонуулардан улам малдын санын так айтпай, жашырып коюуда -дейт мамлекеттик ветеринардык кызматынын жетекчиси Калысбек Жумаканов.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG