Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:23

Кечеки күндөн баштап Саударабстанда ажылыктын негизги ибадаттары башталды. Бүткүл дүйнөдөн ажыга барган мусулмандар кечээ жалпысы менен Мекеден Мина өрөөнүнө алпарылган. Мина өрөөнүндөгү жүз миңдеген чатырларда түнөгөн зыяратчылар бүгүн Арафат тоосуна чыгышат.

Оболу бүгүн – арапа күнү экендигин эскерте кетейин. Эртең Курман айт. Ажыга барган зыяратчылар кечээ Мина өрөөнүндө болушту. Шариятта зыяратчылар Мина өрөөнүнө келген күн – тарбия күнү деп аталат экен. Курмандык өткөргүдөй малы жок калган Ибрагим пайгамбарга курмандык үчүн уулуңду сойгун деген түш-аян ошол жерде берилиптир. Уулун курмандык үчүн муздаарда асмандан көк кочкор ошол Минада түшүптүр. Ошондуктан курман айтка карата негизги зыярат ыйык Минада башталат.

Биз Саударабстандын Мина өрөөнүндөгү мекендештерибиз менен да байланыштык. Зыяратчы Жусуп Балтабаев кечээ кыргызстандыктар бүт чатырларга жайгашкандыгын, бирок эки бөлөк айылда экендигин, чатырларында баарысы тең зүкү түшүп ибадат жасап жатышкандыгын, Кудайдан өздөрүнө, жакындарына, жалпы кыргыз элине жакшылыктарды тилеп, сонун-сонун дубаларды беришкендигин, эртең күн чыгар менен Арафат тоосуна жөнөшөрүн баяндаган. Пайгамбардын хадисинде “Ажылык бул – Арафат” деп айтылыптыр. Арапа күнү Арафатка чыга албай кечиккендер – ажы боло алышпайт.

Кызылкыядан ажыга барган Хасанбай аксакал кыргызстандык зыяратчылар Минада өзгөн күрүчүнөн палоо басып жешкендигин, ага абдан курсант болушкандыгын сөзгө кыстарды.

Андан кийин биз Мекедеги Кыргызстандын ажылык штабынын башчысы Канат Мырзахалимов менен телефон-аңгеме курдук. Ал дагы ошол Минада экен. Оболу Кыргызстандан ал жакка автоунаа менен өз алдынча, бейуруксат барып алышкан, расмий топко кошулбаган зыяратчылардын акыбалын сурадык. Аларга деле Саударабстандын расмий өкүлчүлүгү ажылык зыяраттарды жасатып, жардам берип жатыптыр. Бирок интерпол, өздөрүнүн ажылык министрлиги тарабынан жасалма визаларды кантип алышкандыгын териштирет экен.

Канат Мырзахалимов ошондой эле Минада дагы 35 градустун тегерегинде ысык болуп жаткандыгын, ар бир чатырда кондиционер тургандыгын, ысыктан кан басымы көтөрүлгөн аксакалдар, энелер да жок эмес экендигин, ар бир топтун дарыгерлери аларды карап атышкандыгын жашырганы жок.

- Арафат тоосуна алпара турган автобустар келет бизге дагы. Ушул миллиондогон зыяратчыларды бүт автобустар менен алпарышат Арафатка. Милдеттүү түрдө төлөй турган салыктары бар экен.

Канат Мырзахалимов сөз соңунда биз күтпөгөн бир жагдайды эскертип өттү:

- Мына сиз менен сүйлөшүп жатканда биз телефонду үн көтөргүчкө кошуп койдук эле, берген сиздин сурооңузду, биздин жоопторду бүт чатырдагы мекендештерибиз угуп жатты.
XS
SM
MD
LG