Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

08:48 Жогорку Сот бүгүн «Ак жол» партиясынын арызын карары күтүлүүдө


Партия Жогорку Сотко парламенттик шайлоодо партияларга 05% чек киргизүү боюнча берген БШКнын түшүндүрмөсүн жокко чыгарууну сураган. Ушундай мазмундагы арыз менен буга чейин «Ак жол» райондор аралык жана Бишкек шаардык сотторго кайрылып, колдоо тапкан эмес. Партиялык тизме менен өткөн 16-декабрдагы парламенттик чукул шайлоодо 05%дык чектен «Ак жол» партиясынан башка бир да партия өтпөй калды. Ар бир облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан республикалык тизменин чегинде 05% добуш топтоону милдеттендирген БШКнын түшүндүрмөсүн оппозициялык партиялар бийликтин жасалма тоскоолугу деп сындап келатышат. (BuS)

XS
SM
MD
LG