Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

9:40 Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнүгүү жараяны боюнча эки күндүк жыйын башталды


“Сорос-Кыргызстан” фонду тарабынан уюштурулуп жаткан эл аралык жыйында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана коомчулугунун көз карандысыздыкка ээ болгондон берки өнүгүү жараяндары тууралуу кеп болууда. Жыйынга Германия, Польша, Орусия, Казакстан жана башка бир нече мамлекеттерден саясат таануучулар, социологдор катышып жатат. Жыйындын ачылышында белгиленгендей, мурдагы советтик мамлекеттер бүгүн көптөгөн саясатчылардын жана серепчилердин байкоосунда турат. Бул өлкөлөр лабаратория сыяктуу, анда: түрдүү экономикалык, саясий-социалдык, маданий-цивилизациялык эксперименттер жүргүзүлүп келет. Кыргызстан да башка коңшулары сыяктуу эле мамлекеттик түзүлүштүн жана коомчулуктун өнүгүшүнүн татаал жараяндарын башынан өткөрүп келе жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG