Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

10:20 Миграция комитетинин кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иши козголду


Миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитеттин эки кызматкери: Г. Асаналиев менен Б. Асанбаевге кыргызстандык жарандарды Орусияга мыйзамсыз жиберүүгө аралашкан деген шек менен айып тагылууда. ИИМ маалыматы боюнча бул фактыга карата кылмыш иши козголду. Кызматкерлердин үстүнөн козголгон кылмыш иши тууралуу миграция комитетине кайрылганыбызда бул иш боюнча маалымат азырынча берилбей тургандыгын билдиришти. (ZKo)

XS
SM
MD
LG