Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

10:30 “Атамекен” партиясынын мүчөлөрү Ошто ачкачылык жарыялашты


Партиянын Ош облусу боюнча координатору Бакыт Калпетовдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча ачкачылык акциясы бүгүн саат 10:00 тарта башталды, мөөнөтсүз. “Биз шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайбыз. Парламенттик шайлоодо ченемсиз администативдик ресурстар колдонулду, шайлоо жыйынтыктары кескин бурмаланганды, атуулдардын кадыр-баркына шек келген, өмүрүнө коркунучу туулган учурлар болду,” –дейт Бакыт Калпетов. Анын айтуусунда ачкачылыкты кармоону он киши баштады, жарым саат ичинде дагы кырк киши кошулду. Акция партиянын облустук штабында жүрүп жатат, башка аймактарда да башталуусу мүмкүн. Ал эми митинг, жүрүш ж.б. нааразылык иш-чаралары Курман айттан кийин уюштурулат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG