Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:12

МОЛДОВА: БАЛАТЫГА БАЙЛАНЫШКАН ТАЛАШТЫН БАШАТЫ САЯСАТТАБЫ ?


Дүйнөнүн христиан жамааты, Батыш өлкөлөрүнүн калкы бул күндөрү Рождествону же Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилөөгө даярданууда. Жаңы жылды утурлай болуучу бул майрамдын да борбордук символу – балаты. Бирок эски совет өлкөлөрүнүн бири Молдовада дал ушул майрамдык балаты качан жасалгалаш керектигине байланыштуу талаш чыкты. Байкоочулар бул талаштын саясий жүйөөсү бар экенин айтышууда.

Дин жагынан алганда молдовандардын дээрлик баары ортодокс христиандар. Айрымдары Орус – прaвослав, башкалары Румын-ортодокс чиркөөсүнүн жолун жолдошот. Бул эки чиркөөнүн ортосунда Рождествону же Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилөөнүн мөөнөтү айрымаланат. Калктын көбү Рим –католик чиркөөсүн карманган Батыш өлкөлөрү өңдүү эле Румын-ортодокс чиркөөсү боюнча да бул майрам 25-декабрда, ал эми Орусияда 7-январь күндөрү белгиленип жүрөт.

Молдова болсо Иса пайгамбардын туулган күнүн расмий түрдө Орусия сыяктуу 7-январда майрамдайт. Ушундан уламбы, өлкөнүн коммунист президенти Владимир Воронин башкалаанын борбордук аянтын майрамга жасалгалоого 30-декабрдан кийин гана уруксат берилиш керектигин жарыялаган эле. Ал эми Кишиневдун быйыл жаңы шайланган мэри реформачылардын өкүлү катары эсептелген Дорин Киртоакэнин башка пландары болгон. Шаар мэринин орун басары Лучиа Кулев "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун румын-молдован кызматына буларды айтты:

-Качан биз алар балатаны 30 - декабрга карата гана орнотууну көздөп жатканын укканда, биз бул Рождестводон кийин болбош керек деп чечтик. Шаар мэри 24 же 25- декабрдагы майрам талаптагыдай болушу үчүн балаты 23-декабрга карата орнотулуп, жасалгалануусун буюруду.

Бирок, шаар мэри чыгарган чечимдин өмүрү кыска эле болду. Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган балатыны Кишиневдун борбордук аянтынан полиция ал орнотулгандан бир нече сааттан соң эле, 9-декабрдын түнүндө алып кетти. Ошондон бери борбордук аянт жабылып турат. Бул албетте Иса пайгамбардын туулган күнүн 25-декабрда белгилөөнү каалаган молдовандарды нааразы кылды. Өзгөчө башкалаада соңку кездери алардын саны өсүүдө. Кишеневдун төмөнкү тургуну мындай дейт:

-Европа өлкөлөрүнүн баары майрамдык балатыны 1-декабрда эле орнотушат. Көз жоосун алган балатыларды атүгүл Москвада да коюшат. Эмне үчүн бул жерде болбойт?

Кезинде Коммунисттик партиянын лидери болгон президент Владимир Ворониндин өкмөтү майрамдык балатынын аянттан алынып кетишин коомчулук алдында моюндаган жок. Анткен менен молдовалык саясат таануучу Игор Ботзан мунун артында саясий жүйөө жатканын белгилейт:

-Бул - кайгылуу болбосо да, өтө күлкүлүү окуя. Бул өлкөдө бир да демилге, атүгүл да майрамдар президенттин жактыруусуз ишке ашпайт. Бул талашты борбордук бийлик менен оппозиция ортосундагы чатактын контекстинде кароо керек. Башкаруучу партиянын популярдуулугу төмөндөөдө. Соңку эки жылда эле ал колдоочуларынын дээрлик 20%нан ажырады. Ушундан улам президент июндагы жергиликтүү шайлоонун учурунда оппозиция менен саясий өнөктөштүктү токтотуп, аларга каршы катаал кампания баштаган.

Айткандай эле Кишиневдун мэрлигине быйыл шайланган, 29 жаштагы Дорин Киртоакэ оппозициядагы Либералдык партиянын өкүлү болчу. Андыктан балатыга байланышкан талашты көпчүлүк 66 –жаштагы президент Владимир Ворониндин жаш саясатчыны жана оппозицияны жазалоо өнөктүгүнүн көрүнүшү катары баалашууда. Ошондой эле муну коңшу Румынияга карата мамиленин да бир белгиси деп эсептөөгө болчудай.

Молдован жана румын өкмөттөрү ортосундагы мамиле румын тарап молдовандар үчүн алардын жарандыгын алуу тартибин жеңилдетүүгө барарын жарыялаган соң башталган. Президент Владимир Воронин расмий Бухарести мыдай кадамы менен анын өлкөсүнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканы үчүн айыптап чыккан эле. Быйыл октябрда Кишиневдун жаңы мэри румыниялык кесиптештерин шаар күнү майрамдоого чакырганда, Молдованын чек ара кызматы аларды өлкө аймагына киргизбөө аракетин жасаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG