Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:01

11:25 Ачкачылык чарасына “Ар-Намыс” партиясы кошулду


Бул тууралуу партиянын Оштогу координатору Анвар Артыков “Азаттыктын” кабарчысына билдирген. Анын айтуусунда партиянын Ош облустук штабында он беш киши саат 11:30 тарта ачкачылык жарыялады. Анвар Артыков мындан тышкары нааразылык чараларын колдоо жагдайында “Асаба” партиясынын Оштогу координаторлору менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кабарлаган. Ачкачылык чарасына “Кут” партиясы да кошулууга даярдыгын партиянын Ош облусундагы лидери Аманбек Сатыбаев да билдирүүдө. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG