Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

КУБАН АБДЫМЕН: БИР ПАРТИЯЛУУ ПАРЛАМЕНТКЕ ЭЛ КАРШЫ ЧЫГАТ


Борбордук шайлоо комиссиясы эсептеп чыккан добуштарды караганда беш пайыздык чектен “Ак Жол” партиясынан башка “Ата Мекен” жана Социал-демократтар өтүп жатат. Бирок алдыда аймактардан алынуучу жарым пайыздык тоскоолдук турат. Бул чектен “Ата Мекен” менен Социал-демократтар өтпөй жатканы белгилүү болуп калды. Жарым пайыздын мыйзамдуулугу жөнүндө маселе бүгүн Жогорку Сотто каралат. Эгер Жогорку Сот жарым пайызды калтырган чечим чыгарса парламентте бир партиянын монополиясы орнойт. Мындай шартта өлкөдөгү кырдаал кандай өнүгүшү мүмкүн экендиги жөнүндө сурап, “Азаттык” саясат таануучу Кубан Абдыменди кепке чакырган.

- Эгерде Жогорку Сот 0,5 % деген чекти алып салса анда биздин парламент үч партиянын өкүлдөрүнөн түзүлүп калат. Добуштардын үчтөн экиси “Ак Жол” партиясына тиешелүү болуп, “Ата Мекен” жана Социал-демократтар партиялары биригип болгону 20-22 мандатка ээ болот дагы, тигил бул чечимге каршылык көрсөтө тургандай күчкө ээ болбой калат. Мындай шартта “Ата Мекен” менен КСДП биригип, өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, парламентке келүүдөн баш тартышы ыктымал. Анда азыркы шайлоонун жыйынтыгы таанылбай, жаңы шайлоого бара тургандай маселе келип чыгат.

Эгерде Жогорку Сот 0,5 пайызды калтырып койсо, анда мындан да татаал кырдаал түзүлөт. Парламентте бир гана “Ак Жол” партиясынын монополиясы орнойт. Бул коомчулукта чоң каршылыкты туудурат. Эгерде “Ата Мекен” менен КСДП биригип демаршка чыкса, бийлик кырдаалды курчутпаш үчүн парламентте үч партиянын иштешине жол ачып бергенге барышы мүмкүн.

-Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялар аймактарда нааразылык акцияларын баштап жатканы жөнүндө кабарлар келип түшүүдө. Кырдаалды курчутпай жөнгө салуу боюнча бийликтин колунда кандай мүмкүнчүлүктөр турат?

-“Ата Мекен” менен КСДП парламентке кирүүдөн баш тартып, биригип каршылык акцияларына чыкса, алардын электораты да кошо көтөрүлөт. Анын үстүнө шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп жаткан “Асаба”, “Ар-намыс”, “Аалам” сыяктуу башка партиялар да каршылык акциясына кошулуп, шайлоого кеткен чыгымын кайтарып албаса дагы өзүн актай тургандай бир катар чараларга барышы мүмкүн. Бийлик аларга каршы бир гана чараны колдонушу мүмкүн. Нааразылык акцияларына туруштук бергидей чараларды көрүп, керек болсо милиция органдарын, атайын даярдалган топторду пайдаланып, күч менен болсо да өлкөдө тынчтыкты сактап калуунун аракетин кылышка туура келет.

- Кыргызстандагы шайлоо орусиялык саясат технологдорунун акыл-кеңеши менен уюштурулду деп айтылып жатпайбы. Балким, алар ушинтип парламентте бир партия үстөмдүк кылышын каалашкандыр.

- Бул жерде сырттан келген политтехнологдордун пландаштырылган иш-аракети толугу менен ишке ашты деп айтканга болбойт. КМШ өлкөлөрүндө болгон шайлоо натыйжалары Кыргызстандын саясий майданында аткарылбай калган себеби, кыргыз эли, кыргыз электораты саясий жактан кыйла сабаттуу экенин көргөзө алды. Бирок ушул сабаттуу электораттын активдүүлүгү бир жерде азыраак, бир жерде көбүрөөк болду. Өзгөчө Талас,Чүй,Нарындагы шайлоочулардын саясий аңсезими бир топ жогору экендиги көрүнүп калды. Дал ушул себептүү саясий технологдордун пландары толук ишке ашкан жок.

- Маегиңизге ырахмат!

XS
SM
MD
LG