Жергиликтүү кабарчыбыздын маалыматы боюнча алтымыштан ашуун адам бүгүн саат 12:00 облустук шайлоо комиссиясынын алдына пикетке чыгышты. Алар шайлоо добуштарын кайрадан эсептеп чыгууну талап кылышты. Пикеттин катышуучулары менен облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурмамат Ашымов сүйлөшүп, алардын арыз-ддолору боюнча териштирүүнү, мыйзам кайсы жерден бузулган болсо, ошол участокторго кайра жиберүүнү убада кылды. Нааразы болгондор төрагага БШКга шайлоонун жүрүшү тууралуу чындыкты айтып баруусун тапшырып, тарап кетишти. (ZKo)