Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

15:35 Темир Сариев: Биз элди көчөгө алып чыкпайбыз


“Ак шумкар” партиясынын лидерлеринин бири Темир Сариев бүгүнкү маалымат жыйынында ушинтип билдирди. Анын айтуусунда “Ата Мекен”, “Ак шумкар” партияларынын лидерлери шайлоо болгон күнү добуш берүү участокторунда турган байкоочулардын протоколдорун алып, бүт Кыргызстанды кыдырып чыгышмакчы. “Элге чындыкты мына ушундай жол менен көрсөтөбүз,” дейт Темир Сариев. “Ата Мекен” партиясы шайлоодо добуш берген жарандардын добуштары бурмаланып, “Ак жол” партиясынын кызыкчылыгына пайдаланылды деп эсептейт. Партиянын тарапкерлеринин бири Накен Касиевдин айтымында, “Ата Мекен” партиясы “Ак жолго” караганда Нарында 1000 добуш, Атбашыда 4000 добушту ашык алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG