Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

16:35 Ошто ачкачылык уланып жатат


“Ата Мекен” партиясынын Оштогу координатору Бакыт Калпетовдон алынган маалымат боюнча шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, ачкачылык кармагандардын саны жүзгө чукулдады. “Партиянын Ош облустук жана шаардык штабдарында алтымыштан ашуун киши ачкачылык кармап жатышат. Алардан тышкары өз үйлөрүндө кармагандар бар,” дейт ал. Бул иш-чаранын башталганы тууралуу бийликке жана дарыгерлерге маалымдалган. Бирок азырынча дарыгерлер кабар ала элек, бийликтен да эч ким келген жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG