Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:44

17:58 Шайлоо алдында үгүт иштеринде маалымат каражаттарынын көбү бейтарап иш алып барган жок


Бул тууралуу бүгүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси маалымат-жыйын учурунда билдирди. Шайлоо алдында үгүт иштери ММКларда кандай чагылдырылганына байкоо салган бул уюмдун белгилешинче, телеканалдар аркылуу негизинен бийликчил партиянын ишмердиги тууралуу маалымдалып жатты. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин айтымында, үгүт иштери аяктаганына карабастан УТРКда жаңылыктарда бир партияга кыйыр үгүт жүрүп жатты. “Ошондой эле жаңылыктарда “Ак жол” партиясы тууралуу көбүрөөк маалымат кетти, “Ак жол” тууралуу маалыматтын 96% жакшы маанайда кетти, болгону 4% терс маанайда болду, СДП жөнүндө маалымат жарым жартылай болду, ал эми “Ата мекенге” байланыштуу маалымат толугу менен терс маанайда берилди”, дейт Марат Токоев. УТРК жана “Пирамидага” салыштырмалуу маалыматтарды НБТ телеканалы бейтарап берип жатканы айтылды. Белгилей кетчү нерсе, азырынча байкоонун жыйынтыгы толугу менен чыга элек болгондугуна байланыштуу башка телеканалдардын аты аталган жок. Жакынкы күндөрү маалыматтар толугу иштелип чыккандан кийин уюм радио, гезит жана интернет-басылмалар боюнча байкоолорун жарыялайт. “Журналист” коомдук бирикмесинин УТРКга карата мындай сын билдирүүлөрүнө улуттук каналдын “Алатоо” маалымат программасынын баяндамачысы Рахат Садырбекова кошула албастыгын “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, “Ак жол” партиясы тууралуу маалыматтар үгүт катары кетип жатты. Ал эми жаңылыктарда болсо болгону партиянын жолугушуулары тууралуу баяндалып жатты. “Эгерде башка партиялар үгүт материалдары менен келсе, УТРКнын жетекчилиги ушундай эле шарт түзүп бермек”, дейт журналист. (MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG