Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

ЭКИ ЖАК ТЕҢ ЭЛДИ УНУТТУБУ?


Кыргызстанда болуп өткөн шайлоого байкоочулар ар кандай баа беришти. КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар шайлоо акыйкат өткөнүн айтышса, батыштын байкоочулары болуп өткөндөрдү сынга алышты. Орусиянын президенти Владимир Путин кесиптеши Курманбек Бакиевди телефон аркылуу куттуктап да жиберди. Айрым талдоочулардын баамында, авторитардык режимдеги КМШ лидерлери мындайда бири-бирин колдоп, батыштын демократиялык институттарынын айткан-дегендерин кулактын сыртынан кетиришүүдө.

Айрым талдоочулар шайлоонун кандай өткөндүгүн батыштын демократиялык институттары менен КМШ өлкөлөрүнүн байкоочуларынан эмес оболу кыргызстандыктардан сураш керек дешет. Саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде, КМШ же батыштын байкоочуларынын кандайдыр бир денгээлде өз кызыкчылыктары бар. Андыктан, алардын айткан-дегендерин талдап көрүп, акыркы жыйынтыкты элдин пикирине жараша чыгаруу керек. “Азыр чет элдик жыйынтыктарды бетине кармашып, оппозиция да, бийлик да эл менен эсептешпей калгандай”,- дейт саясат талдоочу:

- ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдар шайлоодо ар кандай кемчиликтер болду деп атат. КМШ өлкөлөрүнөн келгендер жакшы деп атышат. Бул ошол күчтөрдүн, уюмдардын кызыкчылыгы биринчи орунга чыгып кетип атканын көрсөтөт. Менимче биз эң оболу кыргыз элинен сурашыбыз керек эле.

Эл аралык байкоочулар шайлоо жыйынтыгын ар кандай баалап жатышкан чакта айрым талдоочулар Кыргызстандагы парламенттик шайлоону башка өлкөлөрдөгүгө окшоштура башташты. Маселен, Казакстандын президенти түзгөн “Нур Отан” партиясынын жана Орусиянын президенти башында турган “Единая Россиянын” жеңишине, Кыргызстандын президенти түзгөн “Ак жолдун” жеңиши көп жагынан окшош чыкканы, бир ценарий боюнча кеткендей абал жаралганы айтылууда. Мындай жол эмнеге алып барары тууралуу экс-депутат Азимбек Бекназаров мындай дейт:

- Кыргызстанды эмне күтүшү мүмкүн? Азыр К.Бакиев өзүнүн чөнтөк парламенти менен отурат. Бирок ал муну менен уткан жок. Сырттан уткандай көрүнгөнү менен утулушунун башы. Балким ага ушундай идеяларды берип аткан М.Садыркуловдор утту. Эми буга 2010-жылы кыйын болот. “Ак жол” абдан көп акча коротуп койду. Ошондуктан бюджет жакын арада толбойт, убада бергендери аткарылбайт эмки жыйы. Инфляция көтөрүлөт, баалар кымбаттайт 2008-жылы. Ошентип отуруп 2009-жыл шайлоонун алды болуп калат дагы К.Бакиев кетет.

Белгилүү ишкер Эмил Үмөталиевдин айтымында, эл аралык байкоочулардын пикирине баа берүүдө алардын кайсы өлкөдөн экендигине, өлкөсүндө адам укуктары сыйланып-сыйланбай турганына, элине байгер, эркин турмуш куруп бергенби же жокпу деген сыяктуу жагдайларга көңүл буруу керек:

- Байкоочулардын арасында ар кандайлары бар да. Биз оболу сын-пикирлерге, байкоолорго көңүл бургубуз келсе, биз өздөрү ошондой укукту элине берип, адамдын укугун сактап, элдерге, өлкөгө ийгиликтүү жолду салып койгон өлкөлөрдүн өкүлдөрдүн сөзүнө көңүл бурушубуз керек. Анан өздөрүнүн өлкөсүндө адамдын укугу тебеленип аткан өлкөлөрдүн өкүлдөрү бизге кандай жол көрсөтүп, кандай акыл айтмак эле.

XS
SM
MD
LG