Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:42

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кыска сапар менен Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарында болду. Бу жерде ал жергиликтүү жамааттардын жана тайпалардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, аймактагы улуттук ырашкерчиликке колдоо билдирди. Киркукка Райс Парижден учуп келди.

Кондолиза Райс Киркукта Күртстан аймагындагы бардык диний жана улуттук жамааттарды – күрттөрдү, сүннүлөрдү, шейиттерди жана түркмөндөрдү – ич ара ырашкерликке чакырды. “Кошмо Штаттары бул маанилүү провинциянын келечегине абдан кызыкдар, Киркук өтө маанилүү аймак”, - деп айтты Райс.

Ал өзгөчө жергиликтүү бийлик органдарына кирүүнү чечкен сүннүлөрдүн кадамын жогору баалады. Сүннү мазабындагылар аймактагы ассамблеялардын амирин тааныгандан баш тартып келишкен эле. Жергиликтүү бийлик органдарын бойкоттогондордон эми түркмөндөр калды.

Райс Иракта улут жана мазап аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында атайын иш пландарды жүзөгө ашырып жаткан Улуттар Уюмунун ыктыярмандарына жана алардын ишине да колдоосун билдирди. Улуттар Уюмунун бул миссиясын баш катчынын атайын өкүлү Стаффан де Мистура жетектейт.

Ирактын конституциясында быйыл жыл соңунда Күртстан аймагында референдум өткөрүү белгилеген. Калктын сотуна мунайга бай Киркук провинциясын Күртстанга кошуу маселеси коюлмак. Бирок жергиликтүү араптар менен күрттөрдүн аразынан улам бул проблема чечилбей келатат. Саддам Хусейндин тушунда Киркук абдан арапташып кеткен эле. Күрттөр болсо Киркукту өздөрүнүн тарыхый байтагы, атүгүл күрттөрдүн “Иерусалими” деп аташат.

Ирбилде Стаффан де Мистура кечээ референдумга камылгалар көрүлүп жатканын айтып, ишти колдон келишинче эртелетүү зарылдыгын белгиледи. “Бул жерге биз алдыдагы алты айдын аралыгында Улуттар Уюмунун колдоосу аркылуу ирак конституциясынын 140-статьясында аныкталган милдетти жүзөгө ашыруу процессин ыкчамдатуу максатында келдик”, - деп билдирди Улуттар Уюмунун миссия башчысы.

Бүгүнкү жолугушууда кандай маселелер кеп болгонун маалымдап,Кондолиза Райс башкы темалар катары кайра куруу жана калкты жумуш менен камсыз кылуу проблемасын атады. Мындан тышкары жаңы ирак демократиясынын шарапаты Киркуктагы калк үчүн кандай жаркын келечек ачары тууралуу да кеп болгонун кошумчалады.
XS
SM
MD
LG