Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Түрк аскерлеринин тобу бүгүн Ирактын түндүгүнө кирди


Бул аймактагы күрд автономиясынын бийликтери түрк армиясынын мындай аракетин айыптады. Күрд чек ара кызматынын өкүлүнүн айтымында, чек араны канча аскер кесип өткөнү белгисиз. Рейтер агенттигинин ирактык расмий өкүлгө шилтеме берип билдиргенине караганда, чек арадан 3 чакырымча илгeри 300дөй аскер кирген. Алар күрд согушкерлери менен кагылышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн жок. Түркия өзүн Ирактын түндүгүндөгү күрд согушкерлерине каршы аскерий чара көрүүгө укуктуу деп эсептейт. Өткөн дем алыш күндөрү Түркиянын авиациясы күрд согушерлери жашырынып жүрүшү ыктымал деген аймактарды бомбалаган болчу. Ирак тараптын билдиргенине караганда, андан бир аял каза тапты. Ал эми БУУнун качкындар иши боюнча агенттигинин маалыматынан караганда, түрк авиациясынын бомбалоосунан улам 1800дөй адам үй –жайын таштоого мажбур болгон.

XS
SM
MD
LG