Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

ПАРЛАМЕНТ ШАЙЛООНУН «ЖЕЛСАНДАР» ЧАТАГЫ


“Ата мекен” социалисттик партиясы парламенттик шайлоо ири мыйзам бузуулар менен өткөнүн кечээ билдирди. Партиянын байкоочуларынын эсеби боюнча 16-декабрдагы шайлоого миллиондон бираз ашкан гана шайлоочу катышкан. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы ага 900 миңден ашуун “желсандарды” кошуп, шайлоого 1 млн. 900 миң киши катышты, анын көбү бийликтин “Ак жол” партиясына добуш берди деп жарыялоодо. “Атамекенчилер” добуш бурмалагандарды жоопкерчиликке тартып, көпчүлүк жерлерде добуштарды кайра эсептөөнү жана кайталап добуш берүүнү талап кылышууда. “Ак жол” партиясы шайлоо жыйынтыктары толук чыга электе чуу көтөрүү туура эмес деп эсептейт.

Бийлик башчыларынын парламент шайлоо тынч, калыс өттү деген токпейил билдирүүлөрүнүн сыясы кургай электе добуш берүүнүн жыйынтыктарынын бурмаланышына нааразы болгон «Ата мекен» партиясынын жүзгө жакын мүчөлөрү Ош шаарында саясий ачкалык жарыялашты. Аларды колдоп Жалалабатта дагы 9 киши ачкалык жарыялады. Тоңдо болсо жол тосулуп турат.

Партия мүчөлөрүнүн талабы – шайлоо жыйынтыгын бурмалагандарды жоопкерчиликке тартып, добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайрадан эсептеп чыгуу.

«Ата мекен» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Темир Сариев шайлоо болуп көрбөгөндөй деңгээлде бурмаланды жана БШК “Ак жолдун” пайдасы үчүн кеминде 900 миңдей добушту бурмалаганын жарыя кылды. Анын ырасташынча, шайлоого өзү 1 миллиондон бир аз ашуун гана киши келсе, БШК добуш берүүгө катышкандардын санын 1 миллион 900 миңге жеткирип, алдын-ала жыйынтыктарды чыгарууда. Партия жетекчилиги “Бул мамлекеттик масштабдагы ири мыйзам бузуу” деп баалашты.

Шайлоо учурунда социалисттерге Ош, Кызылкыя шаарларында катуу тоскоолдуктар жасалган.

- Биздин эсебибиз боюнча Ош шаарында шайлоого келгендердин 29% «Ата мекенге» добуш беришкен. Ош облусу боюнча деле ошондой эле сан, болжол менен 30% жакын. Бирок ал жерде шайлоо учурунда байкоочулар куулуп чыгарылып, таяк жешти,- деп айтты Т.Сариев.

18-декабрдагы маалымат жыйынында «Ата мекен» партиясынын өкүлдөрү жалпы республика боюнча шайлоого тизмеге киргендердин теңине жетпеген гана кишилер катышканын, жыйынтык миллионго жакын «желсандарды» кошуунун эсебинен жаралганын айтышты.

- Биздин маалыматтар боюнча, мына шайлоого бир миллиондон бираз ашкан адамдар келди. Ошонун ичинен 270 миң добуш «Ата мекенге» берилген. Бул биздин ар райондордон келген маалыматтар менен, протоколдор менен такталган. Ал эми «Ак жол» партиясына 300 миңге жакын добуш берилген. Бирок анын жарымы жанагы пачкалап салынган бюллетендер. Реалдуу аларга 150 миң киши гана добуш берди,- деп маалымдады Т.Сариев.

А бирок «атамекенчилердин» андай пикирин «Ак жол» партиясы туура эмес деп эсептейт. «Ак жол» партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Жангороз Каныметов «Азаттыкка» берген маегинде атаандаш 12 партиянын байкоочулары бардык шайлоо участокторунда олтурушту, ошол себептүү бул шайлоо калыс өттү, деп билдирди.

- Баарыбызга белгилүү, мына 1 миллион 953 миң 889 киши катышты. 71% деп берип жатпайбызбы. Эми муну мен берген жокмун да, чынбы? Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өткөрүүчү расмий орган. Жер-жерлердин баарында алардын өкүлдөрү отурушту. Бүт Кыргызстанда отурушту. Жалгыз бирөө эмес, 12 партиянын өкүлдөрү олтурушту. Калк жашаган жерлердин баарында болушту. Көз карандысыз 600 ашуун байкоочулар жүрүштү. Анан ушунун өзү, миллион ашуун киши катышты деп айтыштын өзү уят го.

Тынч өттү делген шайлоонун жыйынтыгы чыгарылып, протоколдор толтурулган соң толгон-токой кошуп жазуулар орун алганын «Ата мекен» партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Темир Сариев биртоп мисалдар менен бекемдеди. Алардын айрымдары булар.

- Маселен, биздеги маалымат боюнча Сокулук районунда шайлоого 44 миң 700 киши катышкан. Дагы 23 киши бар, бирок мен жалпылап айтып жатам. Биздин бардык шайлоо участокторундагы байкоочулар алып келген протоколдордун негизинде ушунча киши катышкан. Борбордук шайлоо комиссиясы, мен протоколду көрсөтөйүн, Сокулук районунда шайлоого 63 миң 152 киши катышты деп берип жатат. Мына эми биздеги маалыматты айтайын, толгон-токой мыйзам бузуулардан кийин «Ак жол» 18 214 добуш алган. Протоколго болсо 35 миң 937 добуш деп жазышкан. Туптуура 18 миң 152 добушту протоколго кошуп коюшкан.

«Ата мекен» партиясынын өкүлдөрү Чүй облусу боюнча «Ак жол» партиясына 129 миң добуш берилгенин ырасташты. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын-ала жыйынтыктарында «Ак жолдун» жалпы облус боюнча алган добуштарынын саны 41 533 көбөйгөн. Маселен, Аламүдүн районунда шайлоого чейин эле 7 миң ашуун киши добуш берип коюшкан.

- Аламүдүн районунда, 7 184 киши мөөнөтүнөн мурда добуш берип кеткендер болуп чыкты. Бирок 16-декабрда эртең менен саат сегизде эрте шайлап кеткендерди ырастай турган бир да документти көрсөтө алышпады,- деп айтты Т.Сариев.

«Атамекенчилердин» ырасташынча, шайлоодо мыйзам бузуулар Бишкек шаарында, Чүй облусунун Сокулук, Ысыката, Ысыккөл облусунун Балыкчы шаарында, Тоң, Жетиөгүз, Түп райондорунда, Ош, Жалалабад, Баткен облустарында өзгөчө көп орун алган. Анын бир мисалы мына ушул сааттарда улантылып жаткан Тоң районундагы шайлоочулардын нааразылыгы, Көл кылаасындагы канжолдун тосулушу, шайлоого кийлигишкен район акимин кызматтан кетирүү талабын коюп жатышкандыгы.

Ушундай эле нааразылыктар Жалалабат дубанында да өтүүдө. “Атамекен” партиясынын 10 жактоочусу кечээ Жалалабатта мөөнөтсүз ачкалык акциясын баштады. Алар 16-декабрда болуп өткөн парламенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонуна нааразы болушуп, добуштардын кайра саналышын жана шайлоонун кайра өткөрүлүшүн талап кылышууда.

«Ата мекен» партиясынын Нарын облусундагы расмий өкүлү Накен Касиев тоолуу аймакта шайлоого 86 миңден ашуун адам гана катышканын маалымдады.

- 86 миң 406 адам добуш берүүгө келген. Анан бул жерге келип алып Борбордук шайлоо комиссиясынын 94 миң 69 адам шайлоого катышты деген жыйынтыгын угуп, 8 миңден ашуун добушту кошуп койгонун билдим. Бизде облустагы участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдору бар,- дейт Н.Касиев.

Ал эми Бишкек шаарында шайлоонун кантип бурмалангандыгын «Ата мекен» партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Кубатбек Байболов шайлоодо кыдырып бүлетен таштоого даярдалган адамдардын мисалында келтирди.

- Жыйынтыгында ушул 1600 киши 50 миңге жакын бүлетендерди ташташты. Ошон үчүн шайлоо комиссиялары кыйласын ырастап берген протоколдор, биздин байкоочулар алып келген сандар менен дал келген жыйынтык сандар чыкпай жатат.

Башкалаадагы шайлоодо берилген добуштарын уурдаткан жалгыз эле «Атамекенчилер» эместигин, «Ар намыс» партиясына берилген добуштардын да кыйласын бийликчилер кымтып койгонун партия жетекчиси Феликс Кулов 18-декабрдагы маалымат жыйынында билдирди.

- Бишкек шаарында биздин расмий маалыматыбыз боюнча 21,6% добуш алдык. Кошуп жазып атышып «Ак жол» партиясы бул жерде 41% гана добуш алышты. «Ата мекен» партиясына 32,5% добуш беришкен.

Т.Сариев «Ата мекен» партиясы парламент шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай тургандыгын, аны кайрадан эсептеп чыгууну талап кыла тургандыктарын ырастады.

- Биздин 270 миң добушубуздун 40 миңин алар «жеп» коюшту. А өздөрүнө 900 миңди кошуп жатат. Мына биз ушуга каршы болуп жатабыз.

Темир Сариев ошондой эле азыр Ак үй менен эч кандай жең ичинен сүйлөшүүлөр жүрбөгөнүн, аларды колдоп берилген добуштарды аягына чейин коргоп калууга даяр экендиктерин билдирди.

Жанкороз Каныметов 0,5% тоскоолду алып тууралуу бир да оппозициялык партия сотко кайрылбаганын, «Ак жол» гана жасалма тоскоолду алып салуу аракетин жасап, аны аягына чыгарганын маалымдады.

- 0,5% боюнча биздин гана партия сотко берди. А булар эмне үчүн сотко беришпейт? Өздөрү эмне үчүн укугун коргобойт?

Шайлоодо Кыргызстан өзүнө алган милдеттерин толук сактай албаганын Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму билдирди. Ал эми бейөкмөт уюмдардын көпчүлүгү шайлоо толгон-токой мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилешип, Кыргызстан демократиялык жолдон четтеп баратканын айтышууда.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG