Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

Парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда нааразылык акциялары башталды. Бирок тартип коргоо органдары нааразылык митингдердин катышуучуларын кармап, тил кат жаздырып, ишин сотко берди. Укук коргоочулардын баамында, бийликтин мындай кадамы коомдо кыжырданууну күчөтүшү ажеп эмес.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, 18-декабрда БШКнын маңдайына “Мен ишенбейм!” деген ураан менен чыккан жаштарды Бишкектин Биринчи Май районунун милициясы кармап, сот жообуна тарткан жатат. Добуш берүүдөгү мыйзам бузууларга каршылык көрсөтүп, Каракол-Бишкек жолун тоскон адамдарга “шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылды” деген кылмыш иши буга чейин козголгон.

Нааразылык акциянын катышуучулары ага чейин Бишкектеги апрель митингисинин жана Таластагы Жерүй алтын кенине байланыштуу жол тоскондо ал жерге барган өкмөт башчы Атамбаевдин машинасын таш бараңга алды деген кине менен сот жообуна тартылышкан.

2005-жылга чейин мындай нааразылык акцияларынын катышуучуларына карата административдик жаза гана колдонулуп келгендигин баса белгилеген укук коргоочулардын айтымында, кийинки кезде алардын “Кылмыш-жаза” кодексинин негизинде жоопко тартылуусуна нааразылык күчөп барат.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөкан Исмаилованын баамында, бийлик мындай ыкма менен учурдагы саясатка нааразы тараптардын мизин кайтарууга багыт алып, ага милиция курал болууда:

-Жаңы Конституцияда Улуттук коопсуздук комитетине чоң укук берип койгон. Эгерде мурун тынч митингге катышкан активисттер Улуттук коопсуздук комитетинин көзөмөлүндө эч качан болбогон болсо бүгүн Адилет Айтикеевден баштап, Арзыкан Момунтаева, Улукбек Осмонов сыяктуу белгилүү демократтар Кылмыш–жаза кодесинин негизинде Улуттук коопсуздук комитетинин көзөмөлүндө болуп, жаза алып жатышат. Бул өз элине каршы жасаган мамлекеттик кылмыш. Ошон үчүн милиция азыр саясий курал болуп калды.,- дейт Т. Исмаилова.

Тынч митинг өткөрүп, өз пикирин билдирүүгө чыккан адамдарды милициянын камоосу жарандардын конституциялык укугун бузуу деп саналат деп түшүндүрөт Жогорку Соттун мурдагы мүчөсү Султангазы Касымов:

- Өздөрүнүн жөнөкөй эле пикирлерин айтып, кадимки чогулуш, митингдерди өткөрүү Конституцияда каралган. Ага чек койгон мыйзам жок. Ошондой чогулуш, митингдерди Бишкектеги Горькийдин эстелигинин жанында өткөрүү тууралуу шаардык кеңештин токтомун Конституциялык Сот Конституцияга туура келбейт деп алып таштаган. Чогулуш тынч болуп, өздөрүнүн позициясын ачыкка чыгарып айтуу конституциялык принциптерге каршы келбейт. Эгер ошону айтып жаткан жеринен камакка алуу болсо, анда Конституцияга каршы келет.

Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун пикири боюнча акыркы учурда жарандарга карата кылмыш жазасын колдонуу Кыргызстанда мыйзамды көзгө илбей, бийликтин өзүм билемдигинен улам болууда:

- Бул элди эл дебей, мыйзамды мыйзам дебей калганы, адам укугу көзүнө көрүнбөй калганы. Алар бир гана күч колдонушу, сатып алышы керек. Сатылбаса сындырышы керек. Бийлик андан башка эч нерсени ойлобой, бир гана ушул багыт менен баратат.

Ал эми “Келкел” жаштар уюмунун башчысы Гүлшайыр Абдрасулова өз пикирин ачык билдирүүнү бийлик күч менен токтотууга кандай жаза колдонсо да жаштар кайра тартпайт дейт:

-Бүгүн бизди камаган менен коркуп калбайбыз. Кайрадан бизге күч-кубат берилип, эркин сөз сүйлөө боюнча конституциялык укугубузду коргогонго даярбыз.

Адам укуктары боюнча президент алдындагы комиссиянын төрагасы Турсунбек Акундун оюнда, Бишкекте митингчилерди кармоого жогорку бийлик же милиция күнөөлүү эмес, ага Бишкек шаар кеңешинин токтому башкы себеп. Бишкек шаар кеңеши нааразылык акциялары атайын бөлүнгөн жерде өткөрүлсүн деген чечим кабыл албаганда милиция эч кандай каршылык көрсөтмөк эмес дейт Турсунбек Акун:

- Милициялар Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун негизинде камап жатат. Шаардык кеңеш мыйзамсыз токтом кабыл алган. Ал Конституцияга дал келбейт. -дейт.

Жарандардын тынч митинг өткөрүү укугу калыбына келбесе, бийлик алмашкан менен системанын өзгөрүлбөгөнүнө жана парламенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга кыжырданган калктын бийликке карата иренжүүсүн ырбатышы ажеп эместигине макулмун дейт Турсунбек Акун:

- Абал ушинтип өнүгүп отурса бара-бара Кыргызстанды чоң жаңжалга алып келет. Бул токтом жоюлуш керек. Мен ал тууралуу жетекчиликке айттым.
XS
SM
MD
LG