Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

ОРУСИЯЛЫК ЛИБЕРАЛДАР ПРЕЗИДЕНТИККЕ БИРДИКТҮҮ ТАЛАПКЕРДИ КӨРСӨТӨ АЛАБЫ?


23- декабрь- Орусия президенттигине талапкерлерди каттоонун акыркы күнү. Таанымал талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясына тийиштүү документтерди тапшырышты. Ошол эле учурда айрым либерал- талапкерлер али каттала элек же жарыштан чыгууга мажбур болушту.

Президент Путиндин “ак батасын” алган Дмитрий Медведев менен ээрталашчу эки талапкердин бири- коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов, экинчиси- Либералдык- демократтык партиянын төрагасы, улутчул саясатчы- Владимир Жириновский. Бул экөөнүн 2- марттагы шайлоодо жеңери күмөндүү болгону менен, корстон болгондой колдоо алары айтылууда. Ал эми либералчыл оппозиция азга канаат кылууга аргасыз, дейт Москвадагы Heritage фондусунун жетекчиси Евгений Волк:

-Либералдар жалгыз талапкерди көрсөтсө, шайлоочулардын 6 же 7 процентинин добушун аларын парламенттик шайлоо тастыктады. Бул шайлоого олуттуу таасир эте албайт.

Орусиялык либералдар ич ара келишпестиктин жана тышкы кысымдын кесепетинен Путиндин бийлиги тушунда мурдакы популярдуулугун жоготкон. Эң чоң саналган Оңчул күчтөр биримдиги- СПС жана “Яблоко” үстүбүздгү айдагы парламенттик шайлоодо бир да мандат албады.

СПС узак талаш- тартыштан кийин президентке талапкер деп экс- вице- премьер Борис Немцовду тандады. Орусия элдик демократтык биримдиги- мурдакы премьер- министр Михайил Касьяновго токтоду. Дагы бир либерал, эски диссидент жана укук коргоочу Владимир Буковский. Бул үчөө тең оппозиция бир талапкерди көрсөтсө, жарышка түшпөйпүз дешүүдө. Бирок, Касьянов бийликтин оюнун ойнойт, деп кооптонот Евгений Волк:

-Касьяновдун кимдир бирөөнүн пайдасына талапкерликитен баш тартчу түрү жок. Бирок, менин жана башка бир катар саясый талдоочулардын баамында, Касьянов- бул Кремлдин долбоору. Анын максаты– либералдык кыймылды бириктирчү күчкө бөгөт болуп, либералдарды алсыратуу.

Буковскийдин каттоодон өтүүсүнө анын британ жарандыгы кедерги болууда. Ал кошжарандуулук шайлоого катышуума жолтоо боло албайт деп, доо арыз менен Конституциялык сотко кайрылды:

-Юристтер менен акылдашып, бул өтө талаштуу маселе экенине ынандык. Мыйзамга таянсак, не Путин же Ельцин 1996- жылы Орусия Федерациясында 10 жыл мыйзамдуу жашаган эмес. Орусия Федерациясы 1991-жылы түптөлгөн.

Оппозициянын көрүнүктүү өкүлү, шахмат боюнча дүйнөнүн мурдакы чемпиону Гарри Каспаров бийликтер бир нече ирет курултай өткөртпөй койгондон улам президенттик шайлоого катышуудан баш тартууга аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG