ИИМ тараткан билдирүү боюнча 18-декабрда БШК имаратынын алдына пикетке чыккан 19 жаранга сотко чакыруу берилди. Ага ылайык иш-чаранын катышуучуларынын иши 21-декабрда Биринчи Май райондук соту тарабынан каралат. Бир нече уюмдардын жана кыймылдардын мүчөлөрү кечээ шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместигин билдирип, “Мен ишенбейм..” аттуу иш-чара уюштурушкан. Катышуучулардын бул аракети пикет-митинг өткөрбөө тууралуу шаардык бийликтин токтомуна каршы келерин билдирген милиция аларды Биринчи Май РИИБдө бир нече саатка кармаган. (ZKo)