Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

11:25 Акылбек Сариев: БШКда маалыматтык блокада орун алды


БШКнын мүчөсү Акылбек Сариевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча 16-декабрда шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар тууралуу келип түшкөн арыздар эки күндүн ичинде каралууга тийиш болчу. “Мына бүгүн үчүнчү күн, бирок эч кандай жыйынтык жок, мунун өзү – мыйзам бузуу. Бизге канча арыз келип түшкөнү тууралуу маалымат берилген жок. Шайлоонун жыйынтыгынын да эмгиче такталбаганы кандайдыр бир сценарийдин жазылып бүтө электигин билдирип турат. Ал эми төрайымдын (БШК төрайымы –ред) парламентке “Ак жол”, СДП жана Коммунисттер гана келет деп билдиргени БШК мүчөлөрү бизге да түшүнүксүз,” –дейт Акылбек Сариев.
БШК төрайымы Клара Кабилова “Азаттыкка” айткан сөзүндө парламентке өтүү ыктымалдыгы бар партиялар – «Ак жол», «СДП», Коммунисттер экендигин билдирген. Ал эми алдын ала чыгарылган жыйынтыктарда добуштун 8,7% алып, экинчи орунда деп айтылып жаткан “Ата Мекен” партиясы тууралуу сөз жок. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG