Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

12:45 Аба-ырайына байланыштуу Бишкек-Ош каттамындагы авиа-рейстер убактылуу иштебейт


Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” үналгысына “Манас” аэропортунун басма-сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. Анын айтымында, Бишкек-Ош аба-каттамдары боюнча учактардын жүрүшү кечээ токтотулган жана качан кайра жанданаары азырынча белгисиз. “Ошту туман каптап турат, учактар ошон үчүн гана убактылуу жүрбөй турушат”, - деди Стамалиева. Маалыматка ылайык, “Манас” аэропорту аркылуу жүрүп жаткан башка ички жана сырткы каттамдардын ишинде үзгүлтүктөр жок. Азыр Бишкек-Ош каттамдарынын кайра жанданышын күтүп турган жүргүнчүлөргө тиешелүү шарттарды түзүп берүүнү аэропорт өз мойнуна алганы айтылды. Мындан 10 күндөй мурун аба-ырайына байланыштуу Ош, Жалалабат жана Баткен каттамдарына да учактар убактылуу учпай калган эле. (TD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG