Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

13:30 Жалалабатта нааразылык чаралары эртең уланат


Курман айтка байланыштуу кечээ “Ата Мекен” партиясынын облустук штабында башталган ачкачылык чарасы токтотулду. Партиянын түштүк координатору Асылбек Текебаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча ачкачылык кармагандарды акцияны токтотууга партия жетекчилиги да көндүргөн. “Бизге партия мүчөлөрүнүн саламаттыгы да керек, ошондуктан, эртеңден тарта биз башка чаралар менен чыгабыз,” –дейт Асылбек Текебаев. Кечээ “Ата Мекен” партиясынын он чакты мүчөсү шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип, ачкачылык жарыялашкан. Алардын бир нечеси оозун желимкагаз менен бекитип алышкан эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG