Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

19-ДЕКАБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Калмактардын Егба зайсанынын 1749-жылдын 19-декабрындагы кыргыздарга жасаган чапкыны оңунан чыккан эмес. Түркстан Аскер округунун командачысы 1877-жылдын 19-декабрында Шабдан баатырды «Кокон хандыгынын талкаланышына» арналган медаль менен сыйлоо туурасында буйрук чыгарган.

Орус прапорщиги Подзоровдун 1749-жылдын 19-декабрындагы кабарлоосуна караганда кыргыздарга чапкынга чыккан Егба зайсандын көздөгөн максаты оңунан чыккан эмес. Орус архивдик материалдарында Егба зайсандын колу 830 адам деп белгиленсе, окуяга катышкан калмактар болсо, зайсан менен кошо 300 жоокер кыргыздарга каршы жортуулга катышкан деп белгилешет. Алардын айтымында кыргыздар калмактарды адегенде, өз жергесине коё берип, андан соң чегине турган көпүрөнү талкалап, калмак аскерлерин түгөл талкалап, жылкыларын айдап кетишкен. Калмактарын чапкыны маалындагы орус архивдик документтеринде жана калмактардын кабарлоосунда кыргыздар-«бурут» деген аталыш менен белгиленет.

Түркстан Аскер округунун командачысы, генерал-адъютант фон Кауфман 1877-жылдын 19-декабрында, Шабдан баатырды «Кокон хандыгынын талкаланышына» арналган медаль менен сыйлоо туурасында буйрук чыгарган. Аскер округдун башкы командачысы Шабдан Жантаевдин кокондуктарга каршы күрөштөгү ролун айрыкча белгилеп, мындан ары да ал өкмөткө акдилден кызмат өтөйт деген ишеним арткан.
Аксы районунун Каражыгач айлында 2002-жылдын бу күнү, 17-18 март айындагы «аксы окуясынан» окко учкандарды эскерүү митинги өткөрүлдү. Митинг соңунда президент Аскар Акаевге, Жогорку Кеңештин кош палата төрагаларына кайрылуу кабыл алынды. Кайрылууда «аксы окуясына» тиешелүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн Кербен айлында соттоп, жогорку кызматчыларды жоопко тартуу талабы коюлган.
Шериктеш мамлекеттер экономикалык кеңешинин 18-отуруму 2003-жылдын бу күнү Москва шаарында ишин баштады. Жыйында экономикалык байланышка жасалган тоскоолдуктарды жоюу, эркин соода аймактарын куруу, соода-экономикалык кызматташтык боюнча эларалык комиссия жобосунун долбоорун талкуулоо сыяктуу маселелер каралды. Шериктеш мамлекеттер экономикалык кеңешине кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев төрагалык кылган.

Бу күнү, 1944-жылы «Монд» француз гезитинин биринчи саны жарык көрүп, 1629-жылы нидерланд живописчиси Питер де Хох, 1788-жылы декабрист Сергей Волконский, 1906-жылы КПСС БКнын башкы катчысы Леонид Брежнев, 1915-жылы француз ырчысы Эдит Пиаф, 1918-жылы атактуу акын Абдулхай Алдашев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG