Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:23

15:37 Жылдыз Жолдошева: Шайлоонун жалпы жыйынтыгы бүгүн түнү менен чыгат


БШК мүчөсү Жылдыз Жолдошеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча аба ырайына байланыштуу Оштон учак каттабай жаткандыктан, алыскы аймактардагы шайлоо участкаларынын жыйынтыктары БШКга келе элек. Шайлоонун жыйынтыктары автоунаа менен алынып келе жатат, ошондуктан, убакыт көп талап кылынууда, деген Жылдыз Жолдошева, бүгүн түнү менен шайлоонун жалпы жыйынтыгы чыгарыларын кабарлады.
Бүгүн түшкө чейин БШК 2236 шайлоо участогунун 2235инин жыйынтыгы боюнча акыркы алдын ала маалыматын жарыялаган. Ага ылайык 5 пайыздык босогодон өткөн партиялар -“Ак жол”, “Ата Мекен”, Коммунисттер жана КСДП.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG