Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

ОШ: АЧКАЧЫЛЫК АКЦИЯСЫН БИЙЛИК АЙЫПТАП ЖАТАТ


Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы толук бурмаланды, ошондуктан, добуштарды кайрадан эсептөө жүргүзүлсүн деп талап койгон «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук жана шаардык активисттери белгисиз мөөнөткө жарыялаган ачкачылык акциясын дале улантышууда. Аларга бүгүн Ош облусунун 5 районундагы активисттери да кошулушту. Жергиликтүү бийлик жана «Ак жол» партиясынын өкүлдөрү мындай акцияга чыккандарды элди негизсиз козгоп жатат деп айыптап жатышат.

«Ата Мекен» партиясынын Ош облустук жана шаардык 80 чакты активисти белгисиз мөөнөткө жарыялаган ачкачылык акциясын дале улантышууда. Аларга бүгүн Ош облусунун 5 районундагы уюмдун айрым мүчөлөрү да кошулушту. Бул туурасында «Азаттыкка» кабарлаган облустук штабдын башчысы Мырзабек Акматов бийликчил кээ бир массалык маалымат каражаттары аларды келекелеген маалыматтарды жарыялаганы үчүн сотко беришээрин ачыктады:


- Бешинчи канал, КТР жер-жерлердеги адамдардын санын азайтып айтып атат. Мисалы, бизде канчалаган адам отурса дагы, 15-20 адам отурат, баары тынч, жакшы деп атышат. Бирок бардык райондор облустар кошулуп өздөрү поддержкага чыгып атат. Эгерде ушундай маалыматты дагы эле бере берсе, биз аргасыздан сотко берүүгө туура келет, - деди Мырзабек Акматов.

Эмне үчүн ачкачылык акциясына кошулгандыгын «Ата Мекендин» Карасуу райондук штабынын жетекчиси Төлөгөн Келдибаев мындай түшүндүрдү:

- Шайлоонун жүрүшүндө келбеген адамдардын атынан бюллетендерди салдырып, миңдеген адамдар шайлоонун жыйынтыгын жаап атат. Карасуу районунда 83 пайыз шайлоого катышты дейт. Карасуу районунда 23 пайыздын тегерегинде гана шайлоого катышты.

«Ата Мекендин» Каракулжадагы өкүлү Эркебай Зарипбеков партиялаштарынын санаасын бөлүшкөндүгүн мындайча туюндурду:

- Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү төрагасы баш болуп партиянын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын укуктарын болуп көрбөгөндөй чектөө менен шайлоо кодексинде көргөзүлгөн мыйзамдардан чыгып кетип жатышты, - дейт Эркебай Зарипбеков.

19-декабрда Кыргызстандын түштүк башкалаасында Курман айтка арналган салтанатта Ош шаар мэри Жумадыл Исаков ачкачылык жана башка нааразычылык акцияларын уюштургандарды катуу айыптады.


- Эл ар кандай митинг, жүрүштөрдөн тажап калды. Жеңилип калган партиялардын жетекчилерине Кудай ынсап, акыл берсин, алар элди козгошпосун, аларды шайтан азгырбасын. Президентибизди сындагандарды бардыгыбыз Ош шаарынын момун мусулмандары Кудайга койдук, - деди Жумадыл Исаков.

Кыргызстан муфтийинин орун басары Саипжан Абдувахидов «шариат дагы мындай нерсени көтөрбөйт», деп эсептейт.

«Ак жол» партиясынан Жогорку Кеңеш депутаттыгына шайланган мурунку мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров «ким бийликтин эки жарым жылдан берки ийгиликтерин, «Ак жол» партиясынын Кыргызстанга жакшылыгын билбесе, кулагы керең, көзү сокур» деп атады.

- Өзүн сыйлаган мамлекетте мыйзам болот. Мыйзамга каршы болгон ар кандай аракеттер Кыргызстандын мыйзамдарында көрсөтүлгөн чектерде чечилиш керек. «Ак жол» партиясы бул маселелерди бүгүн айтып аткан жок, бул маселелерди эки жарым жылдан бери көтөрүп келатат, айтканын айткандай, дегенин дегендей жасап келатат, - деп айтты А. Мадумаров.

XS
SM
MD
LG