Партиянын штабынан алынган маалымат боюнча Ош шаарындагы 82 шайлоо участогунун элүүсүнөн комиссиянын мөөрү жана колу коюлган протоколдору партиянын байкоочуларынын колунда турат. Протоколдогу маалыматтар боюнча “Ата Мекен” партиясы Ош шаарынан 2 208 добушка ээ болгон. “Ата Мекен” партиясы Ош шаарынан 0,5% өткөөлдөн өтпөй калды деген БШКнын маалыматын партия документалдуу түрдө жокко чыгарууга даяр, атүгүл бизге добуш берген шайлоочулар да муну тастыктап беришет, дешет “aта мекенчилер”. (ZKo)
18:25 “Ата Мекен” партиясы Ош шаарынан жарым пайыздык өткөөлдөн өткөндүгүн далилдөөгө даяр