Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ КОСОВО ПРОБЛЕМАСЫН КАРООГО КИРИШЕТ


Бүгүн кечке жуук Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Косовонун статусу боюнча талкуулар башталат. Жыйын жабык режимде өткөрүлөт. Кеңеште эл аралык арачылардын “үчилтиги” – АКШ, Евросоюз жана Россия - даярдаган доклад каралат. Талкууларга Сербиянын жана косоволук албандардын өкүлдөрү да катышат.

Эл аралык арачылардын доклады Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мунга өткөн аптада тапшырылган. Документте Сербия менен Косоводогу албандардын өкүлдөрү ортосунда төрт айлык сүйлөшүүлөрдөн эч кандай натыйжа чыкпаганы, эки тарап тең бу маселеде алгылыктуу мунаса тапканга даяр эместиги белгиленген.

Доклад боюнча бүгүн Коопсуздук Кеңешинде талкуулар башталат. Ага Сербиянын жана косоволук албандардын өкүлдөрү да катышат.

Косовонун лидерлери алдыдагы жылдын башталышында провинциянын көз карандысыздыгын жарыялаганга камданып жатышат. Бу маселеде алар Вашингтон жана Брюссел менен кеңешип көрүшөрүн, негизинен ошолордун сунуштарына жараша иш кыларын айтышкан.

Косовонун президенти Фатмир Сейдиу провинция Сербия менен экономикалык байланышы жок деле жашай алат,бул үчүн альтернативдүү булактар бар, анын үстүнө косоволуктар көз карандысыздыктын куну канчага турарын жакшы билет, коопсуздук жагынан аларга НАТОнун күчтөрү ишенимдүү кепил болуп берет деп ишенет.

Серб өкмөтүнүн башчысы Воислав Коштуница Коопсуздук Кеңешиндеги бүгүнкү талкууларда эл аралык укуктун нормалары сынактан өтөрүн, алардын ким бирөөлөр үчүн дегеле мааниси бар же жоктугу аныкталарын билдирди.

Кеңештин туруктуу беш мүчөсүнөн Британия, АКШ жана Франция косоволуктардын көз карандысыздыгын тааныганга даяр, ал эми Кытай, өзгөчө Россия буга каршы. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров кечээ косоволуктарды бир жактуу колдоп жатканы үчүн Батыш өлкөлөрүн айыптады. Өткөн аптада ал мындай кадамдын арты салакасыз калбай турганын, Косоводон соң Балканда жана башка аймактарда “туташ реакция” башталышы мүмкүн экенин кайрадан эскерткен эле.

Байкоочулар Косово проблемасы Коопсуздук Кеңешинде чечилерине көп ишенишпейт. Бүгүн башталганы жаткан талкуулар жыйынтыксыз аяктаса, анда Косовонун маселеси АКШ менен Евросоюздун колуна өтүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG