Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

ТҮРКИЯ ТҮНДҮК ИРАКТАГЫ ЖИКЧИЛДЕРГЕ АБАДАН ЧАБУУЛ КОЙДУ


Түркиянын куралдуу күчтөрү жуманын аягында Түндүк Ирактын жеринде ПКК жикчил тобу жашынып жатат деген объектилерге абадан чабуул койду. Көп убакыттан бери күтүлүп келаткан түрктөрдүн бул чегара сыртындагы аскердик операциясына болгон эл аралык реакция ар кандай.

Түркиянын куралдуу күчтөрүнө караштуу 50 чактуу ф-16 согуштук учагы жуманын акырында Ирактын чегарасын 100 чакырымдай өтүп, алдын ала чалгындоо жумуштары аркылуу ПККнын согушкерлери бекинип жаткандыгы такталган объектилерге абдан ири чабуул коюшту. Генштаб жарыялаган билдирүүсүндө көздөлгөн аскерий максат толук ишке ашканы жана керектүү деп табылган абалда чабуулдар абадан жана кургактыктан мындан ары дагы улантыла турганы баяндалды. Алда качантан бери күтүлүп келаткан бул артиллериялык аткылоолор менен коштолгон, ошондой эле бутаны караңгыда көрө алчу жогорку технологиядагы жабдыктар менен жабдылган ф-16 лар тарабынан түн ичинде аткарылган бул ири чабуулга Багдат жана Түндүк Ирактагы күрттөрдүн жергиликтүү өкмөтүнөн сырткары эч бир өлкө каршылык билдирбеди.Чабуул адегенде АКШ тарабынан түшүнүү маанайында кабыл алынды.

“ПКК тарабынан Түркияга, Ирак жана АКШга туудурулган коркунуч бизди али да болсо тынчсыздандырууда. Ошондой эле биз бул коркунучту жок кылыш үчүн колдон келгендин бардыгы жасалууга тиииш деп ишенебиз. Бирок биз ошол эле кезде бул коркунуч менен күрөштүн жүрүшүндө Ирак, Түркия жана АКШнын ортосунда тыкыс уюшкандыкты камсыз кылгыбыз келет,-деди Мамдепартаменттин басма сөз өкүлү Том Кесий дүйшөмбү күнү.

Европа Биримдиги жана Россия дагы Түркиянын бул аскердик операциясын “Түркиянын террорго каршы күрөшүндөгү мыйзамдуу укугу катары” кабыл алышты. Чабуул менен байланыштуу Түркияга нота берген Ирак өкмөтүнүн теги күрт тышкы иштер министири Хошяр Зебари басма сөз жыйынында: “Биз ПККнын базалары тууралуу Түркиянын тынчсыздануусун туура түшүнөбүз, бирок кечөөкү чабуул көбүнесе жөн-жай адамдарга зыян жеткирди жана биз Түркиянын элчисин министирлике чакырып биздин турумубузду түшүндүрүп бердик”,- деди.

Багдат өкмөтү ПКК уюмунун чегара тилкесиндеги террордук иш-аракеттерине карата Түркиянын легитимдүү коопсуздук тынчсызданууларын толук түшүнөрүн, бирок аталган уюмга карата колдонулуучу чара бир гана ПКК уюмуна каршы болушу керек экенин айткан министр Зебари “кечээ коюлган чабуул кыязы туура эмес чалгындоо маалыматтарга негизделип жасалган үчүн көптөгөн жөн-жай жоготууларга себеп болду. Ошондуктан биз бул өңдүү чабуулдар токтотулуп, мындан ары алда канча уюшкандык менен иш алып барышыбыз керек”,- деди.

Ал эми Түркиянын аскердик жетекчилери Түндүк Ирактагы ПККнын жайлашкан база жайларын илгери технологиядагы аспаптар менен алакандын ичиндегидей даана билип жатышканын, ошондой эле аскердик операция бир гана ПККнын объектилерин бутага алганын билдирүүлөрү аркылуу Багдаддын жана Түндүк Ирактагы күрт башкаруучуларынын сындоолорун четке кагышты.

"Түркиянын бир гана максаты бар бул-террор. Террорду жок кылуудан сырткары Түркиянын эч кандай бир көздөгөн максаты же оюу жок”,- деди Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл.

Ал эми премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган болсо : “Зарыл болгондун бардыгы ушуга чейин аткарылды жана мындан ары дагы аткарыла берет. Бул тууралуу дипломатия тармагында болобу же коомдук, саясий, экономикалык жана аскердик тармактарда болобу, бардык чараларды көрүүдөбүз жана көрө беребиз”,- деди.

Ал эми Түндүк Ирактагы жергиликтүү башкаруунун лидери Масуд Барзани нааразылык билдирүүнүн белгиси катары кечээ Киркук шаарына келген АКШнын мамкаткысы Кондолиза Райс айымды тосуп алууга барбаганы билдирилди. Айрым кабарларда Түркиянын согуштук аба күчтөрүнүн кийинки бул чабуулуна АКШ абдан так чалгындоо маалыматтарды бергени билдирилген эле.

XS
SM
MD
LG