Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:11

20-ДЕКАБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Красноярскидеги орус бийлиги 1628-жылдын 20-декабрында энесайлык кыргыздарга аскер жиберип, алардан 100 кундуз көлөмүндө албан алдырган. Пишпектеги кокон хандыгын чеби талкалангандыгы туурасындагы маалымат 1862-жылдын 20-декабрында орус падышасына билдирилген.

Орус бийлиги Сибирдеги саясий өкүмүн арттыруу максатында ынгайлуу жерлерге аскер ордосун орнотуп, сепилдерди курдура баштаган. Красноярскиге сепил салынгандан тарта орустардын аскердик артыкчылыгы артып, эми алар энесайлык кыргыздардан да албан алууну өнөкөткө айландырышкан. А. Дубенский 1628-жылдын 20-декабрында кыргыздарга аскерлерин жиберип, алардан 100 кундуз көлөмүндө албан алдырган.

Пишпектеги кокон хандыгын чеби талкалангандыгы туурасындагы маалымат 1862-жылдын 20-декабрында орус падышасына билдирилген. Орус аскерлери ушул жылдын күз айында Кокон хандыгына оор сокку уруп, Пишпек шаарын бошоткон. Хандык аскерлер кайра кайтып чепти коргонуу макксатында колдонбошу үчүн Өзүнчө Сибирь корпусунун командири А. О. Дюгамель чепти талкалоого буйрук берген. Чепти бузууга орус аскерлери менен Байтик батырдын адамдары тартылып, алар коргон дубалды күнү-түнү бузуп, аны колдонууга жарамсыз абалга келтиришкен.

1917-жылкы октябрь революциясынан кийин, совет өлкөсүндө оор экономикалык кырдаал жаралган. Совет мамлекетиндеги граждандык согуш, уланып аткан чакта, тышкы интервенция уланып, ал тамак-аш тартыштыгы менен коштолуп турган. Мындай кырдаалдан чыгуу максатында Түркстан борбордук аткаруу комитети 1918-жылы бүткүл жеке чарба ээлеринен мамлекет казынасына кирешенин 10% бөлүү туурасында буйрук чыгарган. БАКтын буйругуна жараша 1918-жылдын 20-декабрына чейин Пишпек уездинин бай, манаптары менен кулактар казынага 2 млн. рубль төгүүгө милдеттендирилген.

Кыргызстан аймагында кулач жайган большевиктердин фронтко жардам кыймылынын жумалыгы 1920-жылдын 20-декабрында соңуна чыкты.

Кыргыз автономиялык Областтын Революциялык комитетинин Президиуму 1924-жылдын 20-декабрында илим-изилдөө иштерин жетектөө боюнча Академиялык борборду ачуу туурасында токтом кабыл алган. Академиялык борбор кыргыз тарыхын, маданиятын жана искусство үлгүлөрүн калыбына келтирип, калк арасынан маданият мурастарын жыйноо боюнча эбегейсиз иш алып барган.

Илим-изилдөө борборуна кыргыз калкынын адегендеги интеллигенция өкүлдөрү чогулуп, алар азыркы кыргыз тил жана адабиятынын калыптанышына, маданият кыртышынын түптөлүшүнө атан төө көтөргүз салым кошушкан.

Кыргызстандын биринчи академиктери азыркыдай шайлоо жолу эмес, аныктоо ыкмасы менен жогорку илимий наамды алышкан. Илим изилдөө институттары менен жогорку окуу жайлар жогорку илимий наам үчүн 100 талапкерди Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешине сунуш кылышкан. Министрлер Кеңешинин атайын токтому менен талапкерлер арасынан 13 академик жана 14 мүчө-корреспондент аныкталган. Кыргызстандын биринчи академиктерине жогорку илимий наамды тапшыруу үчүн өткөрүлгөн Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын кезектеги жыйыны, 1954-жылдын 20-декабрында опера жана балет театрынында ачылды. Илимдер Академиясынын салтантаттуу жыйынында, илим докторлору-Иса Ахунбаев, Игорь Батманов, Анна Волкова, Бегимаалы Жамгырчинов, Иван Дружинин, Николай Захаров, Евдокия Розова, Константин Юдахин, Болот Юнусалиев жана илим кандидаттар-Асылбек Алтымышбаев, Жумагул Алышбаев, Сталиндик сыйлыктын лауреаты Түгөлбай Сыдыкбеков менен Кыргыз ССРинин Эл акыны Аалы Токомбаевдерге академиктик наам тапшырылды.

Жаңы академиктер ушул эле жыйында Илимдер Академиясынын президенттик кызматына Иса Коноевич Ахунбаевди, СССР Илимдер Академиясынын академиги Константин Скрябинди Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын ардактуу мүчөлүгүнө шайлашты.

Президент Аскар Акаевдин 2003-жылды «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы»,-деп жарыялоо демилгеси Бириккен Улуттар Уюму тарабынан жактырылды. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2002-жылдын 20-декабрында өткөн 57-сессиясынын 78-жыйынында «2003-жыл Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жылы» жана «2002-жыл эларалык Тоо жылы» деп жарыялоо туурасындагы Кыргызстандын сунушу кабыл алынган.

Бу күнү, 1938-жылы Москвада Мамлекеттик тарых китепканасы ачылып, 1944-жылы СССР медицина Академиясы ишке киришип, 1898-жылы советтик химик, академик Алексей Баландин, 1940-жылы атактуу юрист Тельман Гдлян, 1909-жылы котормочу Сүйүнбек Бектурсунов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG