Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:19

АЗЕРБАЙЖАНДА ТЫҢЧЫЛАРДЫН СОТТОЛГОНУ ИРАНДЫ ТЫРЧЫТТЫ


Баку менен Тегерандын мамилелери өткөн айларда бир топ кыйгылданып кетти. Буга Азербайжанда октябрда башталып, декабрдын биринчи он күндүгүндө аяктаган сот процесси себеп болду. Анын жүрүшүндө он беш кишиге мамлекеттик бийликти күчкө салып басып алууну көздөшкөн, муну Иран ислам революциясынын сакчылар корпусунун көрсөтмөсү менен жүзөгө ашырмак болушкан деген айыптар коюлду. Айыпкерлердин алды он төрт, арты эки жылга түрмөгө кесилишти.

Сот өкүмүндө ошондой эле кутумчулар уюмуна киргендер Азербайжандагы чет элдик дипломатиялык мекемелер, айрыкча АКШ менен Израилдин элчиликтери, Батыш өлкөлөрүнүн компаниялары,атүгүл Баку-Тбилиси-Жейхан мунай кууруна байланыштуу маалыматтарды чогултушканы, аларды Иранды атайын кызматтарына берип турганы айтылат.

Азери сотунун мындай корутундусу Иранды катуу тырчытты. Ырасмий Тегеран азери элчисине нааразылык нотасын тапшырып, сот процессин “комедия” деп баалады. Бирок бейтарап жана жергиликтүү байкоочулар бул иштин кадигинен аныгы көп дешет. Айрыкча чек арага жакын райондордо жашагандар Ирандын диний пропагандасына даттанып жүрүп ак мокогондой болушту. Атүгүл Бакудан элүү чакырым жердеги кыштактардын биринде эле жарнамалар илинген тактайлардан имам Хомейни баштаган ирандык аятоллаларга багышталган саясий плакаттарды көрсө болот. Кыштак мечитинде болсо Тегерандан келген имам диндарларга: “Азербайжан менен Иран такылеттен бир эл, алардын үстүндөгү үйү да бир,астындагы жери да бир!” – деп ибаарат айтып отурат.

Оппозициядагы “Мусават” партиясынын Ланкоран шаарындагы лидери Ядигар Содигов Азербайжандын түштүк-чыгыш аймагына Иран азери тилинде күн-түн дебей диний программаларды телеэкрандан көрсөтүп, радиодон уктуруп жатып, жергиликтүү калкты радикалдуу исламга ууктуруп бүткөндөй болду деп ырастады. Бирок шаар бийликтери аймакта диний экстремизмдин эч кандай шек-шабаасы жоктугун айтышат.

Тегеран менен Бакунун ортосундагы мамилелердин маал-маалы менен кыйчалыштай түшүп жатканын көпчүлүк байкоочулар динден эмес, барып-келип эле экономикалык атаандаштыктан көрүшөт. “Уолл стрит жорнал” гезитинин мурдагы кабарчысы Стив Левайн эки тараптын ортосунда боордоштукка караганда Каспийди бөлүштүрүүгө байланышкан араз күчтүүлүк кылат дейт. Римдеги саясий аналитика борборунун эксперти Федерико Бордонаро Тегеран Азербайжандын күчтөнүп кетишин каалабайт, анткени Бакуну АКШга ынтыгын салган режимдей санайт, ошондуктан ага кысым же кыр көрсөткөнү кез-кезде Ирандагы 25 миллионго чукул азери калкын пайдаланат деген ойдо.

Бакуда мурда президенттин кеңешчиси болуп иштеген Вафа Гулизаде Ирандын Азербайжанда жакшы жолго коюлган тыңчылар тармагы бар экенине толук ишенет. Буга Ирандагы азерилер менен азербайжандыктардын туугандык карым-катнаштары өтө мыкты шарт түзөт.
XS
SM
MD
LG