Ачкачылык жарыялагандар Бишкектеги Киев жана Белинский көчөсү кесилишкен жердеги имаратта отурушат. Алардын ичинде “Ата Мекендин” шайлоо тизмеси менен шайлоого чыккан Татьяна Пономарева, Нуржамал Байболова, Асия Сасыкбаева, Бактыгүл Жээнбаева жана башкалар бар. Алар шайлоодогу мыйзамсыздыкка, БШКнын чечимдерине каршы болуп, кайра добуш берүүнү уюштуруу талаптарын коюуда.